00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
"ОГО!" Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
51 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президенттик шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесине 4 млн 467 миң 40 жаран киргизилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, алдын ала шайлоочулардын тизмеси 18-ноябрга чейин өлкө боюнча 2492 шайлоо участкасында илинет. Ошондой эле тизме tizme.gov.kg мамлекеттик порталына жайгаштырылды. Жарандар өздөрүнүн шайлоочулардын тизмесине кирген-кирбегенин 2027-жылдын 12-январына чейин текшере алышат. Мындан тышкары, ПИН-кодду 119 номерине SMS аркылуу жөнөтүү менен шайлоо участогунун номери жана дареги тууралуу маалымат алууга болот. Чалуулар жана SMS билдирүүлөр акысыз. Эгерде шайлоочулардын тизмесинен ката же так эместиктер аныкталса, жарандар белгиленген мөөнөткө чейин tizme.gov.kg сайтындагы "Шайлоочунун кабинети" аркылуу арыз бере алышат. Ал эми биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар Калкты тейлөө борборлоруна кайрылышы керек.
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркында дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы Амирди издөөгө тик учак тартылат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев онлайн-жыйын өткөрүп, издөө иштерин күчөтүүнү тапшырды. Эске салсак, өспүрүм 7-ноябрда саат 07:00 чамасында үйүнөн чыгып, Ала-Арчада өтө турган чуркоо мелдешине катышуу үчүн барган. Бирок жаш курагы жетпегендиктен аны мелдешке катыштырбай коюшкан соң ал Адыгине капчыгайы тарапка жалгыз багыт алган. Болжол менен саат 19:00–20:00дөр аралыгында ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышка чыгып, адашып калганын билдирген. Андан кийин аны менен байланыш үзүлгөн.
"Бишкек аренадагы" алгачкы беттеш 2027-жылдын июнь айында өтөрү пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков билдирди. Буга чейин алгачкы футболдук таймаш 2027-жылдын март айында өтөрү айтылган. "Азия кубогунун жылдырылышы командабызга "Бишкек аренадагы" биринчи кармашка сапаттуу даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Аба ырайынан улам мартта талааны эл аралык оюндарга даярдоо мүмкүн эмес. Ошондуктан аны июнда өткөрүүнү пландап жатабыз", — деди Сыдыков. "Бишкек арена" - 51 миң орунга ылайыкталган заманбап стадион. Расмий ачылышы ушул жылдын 5-октябрында болду. Буга чейин анда бир нече маданий иш-чара өткөрүлдү.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжал аяктагандан кийин өлкөнүн чек аралары өзгөрүшү мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Жаңжал жакында токтойт деп ишенем. Тынчтык орнотуу жараянынын алкагында Украинанын чек ара сызыктары бир аз өзгөрөт болуш керек", — деди Ак үйдүн башчысы. Ал арада 10–11-ноябрда Абу-Даби шаарында Москва, Киев жана Вашингтондун делегацияларынын катышуусунда үч тараптуу кеңешмелер өтөрү күтүлүүдө. Жабык эшик артында өтө турган жолугушууда тараптардын коопсуздук кепилдиктери талкууланат. Буга чейин Владимир Зеленский жаңжалды "азыркы турган чектерде токтотуп", Украинанын 75 пайыздан ашык аймагын сактап калуучу келишимге макул экенин билдирген. Буга жооп катары Россиянын президенти Владимир Путин сөз Россиянын тарыхый жерлери тууралуу жүрүп жатканын белгилеген. Россия лидери Москва убактылуу жарашууга эмес, узак мөөнөттүү жөнгө салууга гана кызыкдар экенин бир нече ирет айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0