https://sputnik.kg/20261106/1104744301.html
Кыргызстандын ЕАЭБге төрагалыгы: бул өлкөнүн экономикасына эмне берет?

Sputnik Кыргызстан
2027-жылы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) органдарына төрагалык кылуу кезеги Кыргызстанга өтөт. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өлкө эң оболу чек... 06.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-06T09:04+0600
2026-11-06T09:04+0600
2026-11-06T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104744131_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_023b0639126f8783fa655a7623a323ab.jpg
Кыргызстандын ЕАЭБге төрагалыгы: бул өлкөнүн экономикасына эмне берет?
Sputnik Кыргызстан
2027-жылы Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) органдарына төрагалык кылуу кезеги Кыргызстанга өтөт. Бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өлкө эң оболу чек арадагы товар жүгүртүү, эмгек миграциясы жана энергетика маселелерин биримдиктин күн тартибине алып чыгышы керек. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда экономика илимдеринин доктору, профессор Гурас Жапаров билдирди.Анын айтымында, азыркы экспорттук потенциалды кеминде беш эсеге жогорулатуу зарыл.“Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп кирип жатканда алдына кандай максаттарды койгон, кандай маселелерди чечүүнү көздөгөн? Төрагалыктын алкагында ушул суроолорго жооп табууга жана мурда коюлган максаттардын аткарылышына аракет кылуу зарыл. Мындан тышкары, коопсуздук маселесин чечүү багытында да конкреттүү кадамдар жасалышы керек. Товар жүгүртүүдө чек арадагы тоскоолдуктар — негизги көйгөйлөрдүн бири. Кыргызстан, Россия жана Казакстандын ортосундагы жасалма соода-экономикалык тоскоолдуктарды жоюуга аракет кылуу зарыл. Бажыдан өтүүдө, жумуш издөөдө, каттоого турууда, эмгек акы жана ар кандай төлөмдөргө байланыштуу маселелерде ар бир мамлекет өзүнүн ички мыйзам-ченемдерине таянып калууда. Бирок ички ченемдер караганда эл аралык укуктук нормалардын талаптар өйдө турат. Албетте, ар бир мамлекет биринчи кезекте өзүнүн улуттук кызыкчылыгын көздөйт. Мындай шартта экономикалык дипломатиянын ролу чоң. Кыргызстан ЕАЭБдин рыногуна товарлардын көлөмү менен атаандашып чыга албайт. Андыктан массалык өндүрүшкө басым жасабастан, уникалдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияларды экспорттоого аракет кылышыбыз керек. Мындан тышкары, Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык форумунда (АТЭС) бизнес өкүлдөрү жана инвесторлор үчүн атайын паспорт колдонуу тажрыйбасы бар. Ушундай механизмди ЕАЭБдин алкагында да ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу керек. Бул ишкерлердин мамлекеттер аралык байланыштарын жеңилдетип, түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүнө шарт түзмөк", — деди Жапаров.Экономист биримдиктин алкагында окумуштуулар жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу маанилүүлүгүн, экономикалык интеграцияны илимий-эксперттик талдоо менен коштоо зарылдыгын кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/06/1104744131_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d36fefdd2fdedc7207f383bcb401d109.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстандын ЕАЭБге төрагалыгы: бул өлкөнүн экономикасына эмне берет?
09:04 06.11.2026 (Жаңыртылды: 09:16 06.11.2026) Коноктор
Гурас Жапаров, экономика илимдеринин доктору, профессор