Бишкектеги Нооруздан Кытайда кулаган учакка чейин. Апта ирмеми
Бишкектеги Нооруздан Кытайда кулаган учакка чейин. Апта ирмеми
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга ӨКМ жана Чек ара кызматтары үчүн кубаттуу техникаларды ташып келишти, Түштүк Кореянын экс-президентине бөтөлкө ыргытышты, Жаңы Орлеанды торнадо... 28.03.2022, Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга ӨКМ жана Чек ара кызматтары үчүн кубаттуу техникаларды ташып келишти, Түштүк Кореянын экс-президентине бөтөлкө ыргытышты, Жаңы Орлеанды торнадо каптады. Sputnik дүйнө боюнча өткөн жумадагы маанилүү деген окуялардын сүрөтүн окурмандарга сунуш кылат.
Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгынын жетекчиси Ху Чжэньцзя жүрөк үшүткөн маалыматты билдирди. "Кырсыктаган Boeing 737 учагынын ичиндегилердин баарын курман болду деп эсептейбиз", — деди ал. Адистер борттогу 120 адамдын ДНКсын изилдеп, тактап чыгышкан.
Президент Садыр Жапаров эл каттоочуларды үйүндө кабыл алды. Каттоочу мобилдик тиркеменин жардамы менен Жапаровдун үй-бүлөсү тууралуу бардык маалыматтарды жеринде жазып алган. Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин уланат. Республиканын алыскы аймактарында каттоо 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Эл каттоого убактылуу 28 миң кызматкер (координаторлор, инструктор-көзөмөлдөөчүлөр жана эл каттоочулар) тартылган.
27-мартта Кара-Балта шаарында Кыргызстанда туулуп-өсүп, Украинада курман болгон Рустам Зарифулиндин сөөгү тарыхый мекенинде жерге берилди. Жоокердин сөөгүн Кыргызстанга 26-мартта эртең менен алып келишкен.