https://sputnik.kg/20261110/1104801820.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда айлык акы инфляциянын деңгээлине жараша индексацияланат. Эмгек кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөргө президент кол койду. Эми иш берүүчүлөр... 10.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-10T08:59+0600
2026-11-10T08:59+0600
2026-11-10T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0a/1104801654_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e0301c0d735f99ce5a4213c4a6bfe597.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда айлык акы инфляциянын деңгээлине жараша индексацияланат. Эмгек кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөргө президент кол койду. Эми иш берүүчүлөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө байланыштуу кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө милдеттүү болот. Маянаны индексациялоо тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдардын ички (жергиликтүү) ченемдик актыларында бекитилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2027-жылдан тарта Кыргызстанда жыл сайын 150 айылды таза суу менен камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда айтылды. Жолугушууда Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Мураке айылындагы таза суу долбоору 12 жылдан бери аягына чыкпай жатканын айтып, президенттен жардам сурады. Долбоорго 34 млн сом бөлүнүп, 10 чакырым суу түтүгүн тартуу каралганына карабастан, айыл тургундары таза суу менен толук камсыз боло элек. Маалыматка ылайык, буга чейин өлкөдө жылына 30-40 айылга таза суу жеткирүү иштери жүргүзүлүп келген. Эми бул көрсөткүчтү 150 айылга чейин көбөйтүү көздөлүүдө. Садыр Жапаров өлкөдөгү 1 миң 830дон ашык айылды бала бакча жана таза суу менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Андан соң спорт, маданият жана саламаттык сактоо объектилерин өнүктүрүүгө көңүл буруларын билдирди.
11-ноябрда Бишкекте, 13-ноябрда Ош шаарында "Мыкты мектеп ашпозчусу — 2026" сынагынын финалдык баскычтары өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Сынакка өлкөнүн алты облусунан келген мектеп ашпозчулары катышат. Бишкектеги финалда Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын өкүлдөрү күч сынашса, Ош шаарында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын ашпозчулары ат салышат. Финалисттер бир нече ай бою даярдыктан өтүп, башкы ашпозчу, технолог жана нутрициологдордун вебинарларына катышкан. Ошондой эле өздөрүнүн автордук рецепттерин иштеп чыгышкан. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар мектеп ашканасындагы кемчиликтерди аныктоо, азык-түлүктүн сапатын баалоо жана күтүлбөгөн кырдаалдарды чечүү боюнча тапшырмаларды аткарышат. Негизги сыноодо балдар үчүн пайдалуу жана даамдуу автордук тамактарын даярдап, анын артыкчылыктарын түшүндүрүшөт. Биринчи орунга 70 миң, экинчи орунга 40 миң, үчүнчү орунга 30 миң сом берилет. Сынакты Агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын Тармактык тамактануу институту уюштурууда.
Кыргызстанда айлык акы инфляциянын деңгээлине жараша индексацияланат. Эмгек кодексине киргизилген тиешелүү өзгөртүүлөргө президент кол койду. Эми иш берүүчүлөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүнө байланыштуу кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүүгө милдеттүү болот. Маянаны индексациялоо тартиби жамааттык келишимдерде, макулдашууларда же уюмдардын ички (жергиликтүү) ченемдик актыларында бекитилет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 2027-жылдан тарта Кыргызстанда жыл сайын 150 айылды таза суу менен камсыздоо пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Москва районунун тургундары менен жолугушуусунда айтылды. Жолугушууда Ак-Суу айыл өкмөтүнүн тургуну Мураке айылындагы таза суу долбоору 12 жылдан бери аягына чыкпай жатканын айтып, президенттен жардам сурады. Долбоорго 34 млн сом бөлүнүп, 10 чакырым суу түтүгүн тартуу каралганына карабастан, айыл тургундары таза суу менен толук камсыз боло элек. Маалыматка ылайык, буга чейин өлкөдө жылына 30-40 айылга таза суу жеткирүү иштери жүргүзүлүп келген. Эми бул көрсөткүчтү 150 айылга чейин көбөйтүү көздөлүүдө. Садыр Жапаров өлкөдөгү 1 миң 830дон ашык айылды бала бакча жана таза суу менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи. Андан соң спорт, маданият жана саламаттык сактоо объектилерин өнүктүрүүгө көңүл буруларын билдирди. 11-ноябрда Бишкекте, 13-ноябрда Ош шаарында "Мыкты мектеп ашпозчусу — 2026" сынагынын финалдык баскычтары өтөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Сынакка өлкөнүн алты облусунан келген мектеп ашпозчулары катышат. Бишкектеги финалда Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын өкүлдөрү күч сынашса, Ош шаарында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын ашпозчулары ат салышат. Финалисттер бир нече ай бою даярдыктан өтүп, башкы ашпозчу, технолог жана нутрициологдордун вебинарларына катышкан. Ошондой эле өздөрүнүн автордук рецепттерин иштеп чыгышкан. Сынактын жүрүшүндө катышуучулар мектеп ашканасындагы кемчиликтерди аныктоо, азык-түлүктүн сапатын баалоо жана күтүлбөгөн кырдаалдарды чечүү боюнча тапшырмаларды аткарышат. Негизги сыноодо балдар үчүн пайдалуу жана даамдуу автордук тамактарын даярдап, анын артыкчылыктарын түшүндүрүшөт. Биринчи орунга 70 миң, экинчи орунга 40 миң, үчүнчү орунга 30 миң сом берилет. Сынакты Агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россиянын Тармактык тамактануу институту уюштурууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0a/1104801654_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_848d22b9c92b0fdffb69cb4ed93e6517.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио