Кыргызстан ЕАЭБ алкагында айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө кызыкдар
15:05 10.11.2026 (Жаңыртылды: 15:16 10.11.2026)
Кыргызстан ЕАЭБ алкагында айыл чарба кооперациясын өнүктүрүүгө кызыкдар
Жазылуу
Коноктор
Гульзар Замирбекова, экспорт жана интеграция бөлүмүнүн башкы адисиЖаркынай Нуржан кызы, экспорт жана интеграция бөлүмүнүн адиси
Кыргызстан ЕАЭБ алкагында эки өлкөнүн катышуусу менен биргелешкен агрокооперативдерди түзүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу экспорт жана интеграция бөлүмүнүн адиси Жаркынай Нуржан кызы билдирди.Анын айтымында, демилге ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кооперациялык байланыштарын кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана каржылык колдоого жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.“Айыл чарба тармагындагы кооперацияны өнүктүрүү менен кыргызстандык дыйкандар башка ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишканалары менен биргеликте өндүрүштү уюштуруп, продукцияны кайра иштетүү жана экспорттоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейте алышат. Кыргызстан эмне үчүн үч өлкөнүн ордуна эки мамлекеттин катышуусу менен агрокооператив түзүү талабын киргизип жатканы, ЕАЭБдин бюджетинен каралган каржылык колдоонун механизмдери, насыялардын пайыздык чендерин субсидиялоо тартиби жана демилгени ишке ашырууга карата өлкөнүн даярдыгы талкууланат. Мында Кыргызстан менен Россиянын айыл чарба тармагындагы кызматташтыгы, ата мекендик эт, сүт, балык жана жашылча-жемиш продукцияларын экспорттоо, биргелешкен кайра иштетүүчү ишканаларды, сактоочу жайларды жана логистикалык борборлорду түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралат”, — деди Нуржан кызы.Ал негизги көңүл агрокооперациянын кыргызстандык фермерлер үчүн экономикалык пайдасына, чакан чарбаларды колдоого жана ата мекендик продукциянын тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга буруларын кошумчалады.