00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бала асырап алууда ата-эне эмнеге көңүл буруусу зарыл?

Бала асырап алууда ата-эне эмнеге көңүл буруусу зарыл?
Жазылуу
Коноктор
Артур Бакиров, Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидатыАнипа Исабекова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси
Бала асырап алуу, чоң жоопкерчиликти талап кылган чечим. Ата-эне баланын материалдык муктаждыктарын гана камсыздабастан, анын жаңы үй-бүлөгө көнүүсүнө жана жеке өзгөчөлүктөрүнө да көңүл бурушу керек. Бул тууралуу “ Көз мончок” уктуруусунда Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Анипа Исабекова комментарий беришти.
Асырап алууну чечкен үй-бүлө өзүнүн моралдык жана материалдык мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала баалап, баланын ден соолугу, өткөн тарыхы жана өзгөчө муктаждыктары тууралуу маалымат алышы керек. Бала асырап алуу мыйзамдуу тартипте жүргүзүлүп, анын укуктары жана кызыкчылыктары биринчи орунда турушу зарыл.
“Баланы асырап алууга ал ата-энесиз калганы тууралуу маалымат түшкөн күндөн тартып үч айдан кийин уруксат берилет. Ал үчүн асырап алуучунун же баланын жашаган жери боюнча арыз тапшырылат. Балдардын укугун коргоо боюнча укуктуу орган асырап алуу үчүн тоскоолдуктар жок экенин аныктоого, баланын талаптарына жооп берерин текшерүүгө, анын багып алуучуга болгон мамилесин билүүгө жана документтерди чогултууда көмөктөшүүгө милдеттүү. Багып алуу жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралат. Сотто асырап алуучу өзү катышууга милдеттүү. Асырап алууда коммерциялык максаттагы ортомчулук иштерге жана бала тандоодо бөлөк адамдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт. Бул багытта балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши ортомчулук катары сыпатталбайт. Сот тарабынан укуктары чектелгендер, жөндөмсүз деп табылгандар, ата-энелик укугунан ажыратылгандар, алардын күнөөсү менен мурдагы асырап алуу аракеттери жокко чыгарылгандар, туруктуу жашаган жери жоктор, талап кылынган кирешеси болбогондор, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттуулугу жоюлбагандарга бала асырап алууга болбойт. Багып ала турган адам 60 жаштан жогору болбой, аны менен баланын ортосу 16 жаштан кем болбоого тийиш”,-деди Бакиров.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга үй-бүлөлүк шарт түзүп, аларга убактылуу камкордук көрсөтүүдө атайын фостердик үй-бүлөлөр бар. Фостердик ата-энелер кандай талаптардан өтүшөт? Балдардын коопсуздугу кандай көзөмөлдөнөт? Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарды коргоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Анипа Исабекова буларга токтолду.
“ Турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга үй-бүлөлүк шарт түзүп, аларга убактылуу камкордук көрсөтүүдө фостердик үй-бүлөлөрдүн ролу чоң. Расмий маалыматка ылайык, учурда өлкөдө 114 фостердик үй-бүлөдө 235 бала тарбияланып жатат. Фостердик ата-эне болууну каалаган жарандар балага кам көрүү планына ылайык, анын жашоо-турмушунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын окуудан өтүшөт. Окууну ийгиликтүү аяктаганын ырастаган сертификат алгандан кийин гана бала багып алууга уруксат берилет. Фостердик үй-бүлөдө тарбиялана турган балдардын саны да белгилүү талаптар менен чектелет. Эгер үй-бүлөдө
Жаңылыктар түрмөгү
0