https://sputnik.kg/20261110/1104812041.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Чет элдик компаниялар Кыргызстанда криптобизнес жүргүзүүгө кызыгуудаНетаньяху Иран менен согушту жандандырууга жан үрөп жататСадыр Жапаров бүгүн Москвага учуп... 10.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-10T15:00+0600
2026-11-10T15:00+0600
2026-11-10T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0a/1104811875_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_15e9a40450dabd10acf5d7c2471cb1c3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Чет элдик компаниялар Кыргызстанда криптобизнес жүргүзүүгө кызыгуудаНетаньяху Иран менен согушту жандандырууга жан үрөп жататСадыр Жапаров бүгүн Москвага учуп кетет
Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарында учуп кетет. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Жыйында мамлекет башчылары коопсуздук маселелерин, ЖККУнун ишмердүүлүгүн жана аны чыңдоо жолдорун талкуулашат. Жыйында ЖККУнун декларациясы жана мааракелик иш-чаралар планы сыяктуу бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.
Чет өлкөлүк компаниялар жана эл аралык крипто коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө жана өлкөнүн крипто тармагын өнүктүрүүгө кызыгуу билдирүүдө. Бул тууралуу Asia Innovation Forum 2026 эл аралык технологиялык форумунун уюштуруучусу Арсен Эдилбек уулу билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда криптоиндустриянын өнүгүшү Борбор Азия өлкөлөрүнүн гана эмес, Грузиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Түштүк Кореянын да көңүлүн бурду.Маалымат жыйынынын катышуучулары каржы технологиялары тармагындагы эл аралык кызматташтыктын, тажрыйба алмашуунун жана мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн маанисин белгилешти. Белгилей кетсек, мындай кызматташтыкты өнүктүрүү аянтчаларынын бири катары 18-19-ноябрда Бишкекте Asia Innovation Forum 2026 эл аралык форуму өтөт. Анда криптовалюта рыногун жөнгө салуу, киберкоопсуздук, реалдуу активдерди токендештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери талкууланат.
Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда маданият үйлөрү менен китепканалардын абалы текшерилип, кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди. Бул маселе президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн аппараттык кеңешмеде каралды.Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жыйында авариялык абалдагы жана капиталдык оңдоого муктаж маданият мекемелеринин абалын жакшыртуу, айылдык китепканалардын ишин жандандыруу, китеп фонддорун жаңы басылмалар менен толуктоо жана интернет байланышын жакшыртуу маселелери талкууланды. Ошондой эле айылдарда көп функциялуу маданий борборлорду уюштуруу жана китепканачылар үчүн окууларды өткөрүү сунушталды.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, орнотуу иштерин "Тазалык" жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Анын металл каркасына 3 миң 800 даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет. Борбор калааны Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин уланат.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трампка күн сайын кайрылып, Иран менен согушту кайрадан жандандырууну суранып жатат. Бул тууралуу Батыш ЖМКларына шилтеме берип, РИА Новости жазды. Араб лидерлеринин Нетаньяхунун Ак үйдүн башчысына жаңы чабуул баштоо боюнча тынымсыз чакырыктарына тынчсызданып жатканы жазылган. Эскерте кетсек, июнь айынын орто ченинде АКШ менен Иран тынчтык процессин баштоого тийиш болгон меморандумга кол койгон, бирок үч жума өтпөй тараптар кайрадан бири-бирине сокку урууга өтүшкөн. Бул чатак Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарынын токтоп калышына алып келип, дүйнө жүзү боюнча күйүүчү майдын кымбатташын жараткан. Сентябрь айынын аягында Тегеран деңиз блокадасын жана экспорттук чектөөлөрдү алып салуу шарттары менен Ормуз кысыгын ачуу боюнча жети күндүк планды сунуштаган, бирок Трамп аны четке каккан. Азыр бардыгы Америка тараптын жообуна жараша болмокчу.
Чет элдик компаниялар Кыргызстанда криптобизнес жүргүзүүгө кызыгуудаНетаньяху Иран менен согушту жандандырууга жан үрөп жататСадыр Жапаров бүгүн Москвага учуп кететПрезидент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарында учуп кетет. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" кабарлашты. Жыйында мамлекет башчылары коопсуздук маселелерин, ЖККУнун ишмердүүлүгүн жана аны чыңдоо жолдорун талкуулашат. Жыйында ЖККУнун декларациясы жана мааракелик иш-чаралар планы сыяктуу бир катар маанилүү документтерге кол коюлат.Чет өлкөлүк компаниялар жана эл аралык крипто коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө жана өлкөнүн крипто тармагын өнүктүрүүгө кызыгуу билдирүүдө. Бул тууралуу Asia Innovation Forum 2026 эл аралык технологиялык форумунун уюштуруучусу Арсен Эдилбек уулу билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда криптоиндустриянын өнүгүшү Борбор Азия өлкөлөрүнүн гана эмес, Грузиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Түштүк Кореянын да көңүлүн бурду.Маалымат жыйынынын катышуучулары каржы технологиялары тармагындагы эл аралык кызматташтыктын, тажрыйба алмашуунун жана мамлекеттик органдар менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүнүн маанисин белгилешти. Белгилей кетсек, мындай кызматташтыкты өнүктүрүү аянтчаларынын бири катары 18-19-ноябрда Бишкекте Asia Innovation Forum 2026 эл аралык форуму өтөт. Анда криптовалюта рыногун жөнгө салуу, киберкоопсуздук, реалдуу активдерди токендештирүү жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери талкууланат.Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда маданият үйлөрү менен китепканалардын абалы текшерилип, кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди. Бул маселе президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө өткөн аппараттык кеңешмеде каралды.Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жыйында авариялык абалдагы жана капиталдык оңдоого муктаж маданият мекемелеринин абалын жакшыртуу, айылдык китепканалардын ишин жандандыруу, китеп фонддорун жаңы басылмалар менен толуктоо жана интернет байланышын жакшыртуу маселелери талкууланды. Ошондой эле айылдарда көп функциялуу маданий борборлорду уюштуруу жана китепканачылар үчүн окууларды өткөрүү сунушталды. Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, орнотуу иштерин "Тазалык" жана "Бишкекжарык" муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдө. Башкы балатынын бийиктиги 32 метрди, диаметри 13 метрди түзөт. Анын металл каркасына 3 миң 800 даана ийне жалбырактуу дарактын бутагы бекитилет. Борбор калааны Жаңы жылга карата жасалгалоо иштери декабрь айынын ортосуна чейин уланат.Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трампка күн сайын кайрылып, Иран менен согушту кайрадан жандандырууну суранып жатат. Бул тууралуу Батыш ЖМКларына шилтеме берип, РИА Новости жазды. Араб лидерлеринин Нетаньяхунун Ак үйдүн башчысына жаңы чабуул баштоо боюнча тынымсыз чакырыктарына тынчсызданып жатканы жазылган. Эскерте кетсек, июнь айынын орто ченинде АКШ менен Иран тынчтык процессин баштоого тийиш болгон меморандумга кол койгон, бирок үч жума өтпөй тараптар кайрадан бири-бирине сокку урууга өтүшкөн. Бул чатак Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамдарынын токтоп калышына алып келип, дүйнө жүзү боюнча күйүүчү майдын кымбатташын жараткан. Сентябрь айынын аягында Тегеран деңиз блокадасын жана экспорттук чектөөлөрдү алып салуу шарттары менен Ормуз кысыгын ачуу боюнча жети күндүк планды сунуштаган, бирок Трамп аны четке каккан. Азыр бардыгы Америка тараптын жообуна жараша болмокчу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0a/1104811875_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c91b34e9f0e2bd3630ea81c388c957a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио