https://sputnik.kg/20261110/1104820088.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Москвада Кыргызстандын коопсуздук боюнча артыкчылыктары белгилендиЛавров ЖККУнун күч-кубатын чыңдоо тууралуу айттыСадыр Жапаров президенттике талапкерлигин... 10.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-10T19:00+0600
2026-11-10T19:00+0600
2026-11-10T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0a/1104819922_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4c662e6f7d62297497c9938c22dd7ebd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Москвада Кыргызстандын коопсуздук боюнча артыкчылыктары белгилендиЛавров ЖККУнун күч-кубатын чыңдоо тууралуу айттыСадыр Жапаров президенттике талапкерлигин көрсөттү
Садыр Жапаров БШКга Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү тууралуу арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, арыз бүгүн, 10-ноябрда тапшырылган. "Ушуну менен талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандардан жалпысынан алты арыз келип түштү", — деп айтылат билдирүүдө. Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Бүгүн Москва шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавровдун чакыруусу боюнча Жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык форумга катышты. Ведомствонун маалыматына караганда, ал "Көп уюлдуу дүйнөдөгү жамааттык коопсуздук" темасындагы пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Кулубаев көп уюлдуу дүйнөлүк тартип калыптанып жаткан шартта өз ара ишенимди чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошону менен бирге, көп уюлдуулук карама-каршылыктардын курчушуна эмес, БУУнун Уставына жана эл аралык укукка негизделген эл аралык мамилелердин кыйла адилеттүү жана тең салмактуу системасынын калыптанышына өбөлгө түзүшү керектигин белгиледи. Коопсуздук менен туруктуу өнүгүүнүн өз ара байланышы маселесине токтолуп, Кулубаев климаттын өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн эришине жана суу ресурстарынын тартыштыгына байланышкан чакырыктарга өзгөчө көңүл бурду.
ЕАЭБдин бардык аймагында жүргүнчүлөр үчүн ылдам жана жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамдарын өнүктүрүү пландалууда ЕЭК коллегиясы мындай каттамдарды уюштуруу боюнча сунуштарды камтыган сунуштаманы кабыл алды. Бул транспорт системасын өнүктүрүүгө кошумча түрткү берип, жарандардын ыңгайлуу жана тез жүрүүсүнө шарт түзөт. Сунуштаманын кабыл алынышы ЕАЭБдин бирдиктүү, натыйжалуу транспорт мейкиндигин түзүүгө багытталган кезектеги кадам болду.
Россия өзүнүн төрагалыгы алкагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) күч-кубатын арттырууга, салттуу жана жаңы жаралган коркунучтарга каршы турууга чоң маани берет. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.Министр белгилегендей, Россия бүгүнкү жолугушуунун жемиштүү өтүшүнө өзгөчө маани берип, бардык багыттарда кызматташтыкты арттыруу үчүн уюмдун интеграциялык дараметин толук колдонууга умтулат.Мындан тышкары, министр Россиянын төрагалыгы астында ЖККУнун бир жылдык иши жемиштүү өткөнүн айтты. "Эртең уюмдун быйылкы жылдагы эң негизги саясий окуясы — Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт. Биргелешкен иштин жыйынтыгын, албетте, эртең мамлекет башчыларыбыз чыгарышат. Бирок азыртан эле биздин союздаштык түзүмдүн алкагындагы байланыштарды өнүктүрүү багытында бул жыл жемиштүү болду деп айтууга негиз бар", — деди ал.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 36 тыйынгаюань 13 сом 12 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
АБА ЫРАЙЫ11-ноябрга караган түнү республика аймагында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Шаршембиде өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында +6...+11, Баткен регионунда +5...+10, Талас өрөөнүндө +2...+7, Нарын аймагында +7...+9 градус болот. Бишкекте термометрдин көрсөткүчү +5...+7 градусту түзүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке маал карга айланышы мүмкүн. Ал эми Ош шаарында +9...+11 градус болуп, жаан жаайт.
Москвада Кыргызстандын коопсуздук боюнча артыкчылыктары белгилендиЛавров ЖККУнун күч-кубатын чыңдоо тууралуу айттыСадыр Жапаров президенттике талапкерлигин көрсөттүСадыр Жапаров БШКга Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү тууралуу арыз менен кайрылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка караганда, арыз бүгүн, 10-ноябрда тапшырылган. "Ушуну менен талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандардан жалпысынан алты арыз келип түштү", — деп айтылат билдирүүдө. Кыргызстандын президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.Бүгүн Москва шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев россиялык кесиптеши Сергей Лавровдун чакыруусу боюнча Жамааттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча эл аралык форумга катышты. Ведомствонун маалыматына караганда, ал "Көп уюлдуу дүйнөдөгү жамааттык коопсуздук" темасындагы пленардык жыйында сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө Кулубаев көп уюлдуу дүйнөлүк тартип калыптанып жаткан шартта өз ара ишенимди чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошону менен бирге, көп уюлдуулук карама-каршылыктардын курчушуна эмес, БУУнун Уставына жана эл аралык укукка негизделген эл аралык мамилелердин кыйла адилеттүү жана тең салмактуу системасынын калыптанышына өбөлгө түзүшү керектигин белгиледи. Коопсуздук менен туруктуу өнүгүүнүн өз ара байланышы маселесине токтолуп, Кулубаев климаттын өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн эришине жана суу ресурстарынын тартыштыгына байланышкан чакырыктарга өзгөчө көңүл бурду.ЕАЭБдин бардык аймагында жүргүнчүлөр үчүн ылдам жана жогорку ылдамдыктагы темир жол каттамдарын өнүктүрүү пландалууда ЕЭК коллегиясы мындай каттамдарды уюштуруу боюнча сунуштарды камтыган сунуштаманы кабыл алды. Бул транспорт системасын өнүктүрүүгө кошумча түрткү берип, жарандардын ыңгайлуу жана тез жүрүүсүнө шарт түзөт. Сунуштаманын кабыл алынышы ЕАЭБдин бирдиктүү, натыйжалуу транспорт мейкиндигин түзүүгө багытталган кезектеги кадам болду.Россия өзүнүн төрагалыгы алкагында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) күч-кубатын арттырууга, салттуу жана жаңы жаралган коркунучтарга каршы турууга чоң маани берет. Бул тууралуу РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.Министр белгилегендей, Россия бүгүнкү жолугушуунун жемиштүү өтүшүнө өзгөчө маани берип, бардык багыттарда кызматташтыкты арттыруу үчүн уюмдун интеграциялык дараметин толук колдонууга умтулат.Мындан тышкары, министр Россиянын төрагалыгы астында ЖККУнун бир жылдык иши жемиштүү өткөнүн айтты. "Эртең уюмдун быйылкы жылдагы эң негизги саясий окуясы — Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясы өтөт. Биргелешкен иштин жыйынтыгын, албетте, эртең мамлекет башчыларыбыз чыгарышат. Бирок азыртан эле биздин союздаштык түзүмдүн алкагындагы байланыштарды өнүктүрүү багытында бул жыл жемиштүү болду деп айтууга негиз бар", — деди ал.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 36 тыйынгаюань 13 сом 12 тыйынга рубль 1 сом 6 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАБА ЫРАЙЫ11-ноябрга караган түнү республика аймагында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Шаршембиде өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында +6...+11, Баткен регионунда +5...+10, Талас өрөөнүндө +2...+7, Нарын аймагында +7...+9 градус болот. Бишкекте термометрдин көрсөткүчү +5...+7 градусту түзүп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, кечке маал карга айланышы мүмкүн. Ал эми Ош шаарында +9...+11 градус болуп, жаан жаайт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0a/1104819922_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9fe5b638c6a0b2897f47176d8b09f705.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио