
Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтада жерге берилди

Ал Украинада аскердик милдетин өтөп жатып баатырларча курман болду

Сержанттын сөөгү 26-мартта тарыхый мекенине жеткирилди

Зарифулин кызмат өтөгөн бөлүктүн офицери Рустамга ок тийгенин айтты

Маркумдун атасынын айтымында, ал окуучу кезинде бокс боюнча машыктыруучу Александр Ветровдон сабак алган

Зарифулин 18 жашында Россиянын жарандыгын алып, өзүнүн өтүнүчү менен аскерге чакырылган. Кийин офицер болуу үчүн ЖОЖго тапшырган.

Сержант 24-март күнү курман болду

Кечээ, 26-март күнү, ал 26 жашка толмок

Зарифулин өлгөндөн кийин Эрдик ордени менен сыйланды

Бөлүктө аны жоопкерчилиги жана командирлик сапаттары үчүн сыйлашчу

Рустамды акыркы сапарга узатууга Кыргызстан менен Россиянын аскерлери келди
