https://sputnik.kg/20261110/1104808933.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Энергетиктерди өлкөгө алып кирүүгө алты айга тыюу салынатЛавров Гутерришти Киевдин кызыкчылыгына иштеди деп айыптадыКыргызстанда трактор техникаларын чыгаруучу... 10.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-10T13:00+0600
2026-11-10T13:00+0600
2026-11-10T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0a/1104808767_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_16ef52c9ce2af9f5c3bd7fbcdbbf9257.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Энергетиктерди өлкөгө алып кирүүгө алты айга тыюу салынатЛавров Гутерришти Киевдин кызыкчылыгына иштеди деп айыптадыКыргызстанда трактор техникаларын чыгаруучу завод курулушу мүмкүн
Кыргызстанда "Минск трактор заводунун" атайын техникаларын чогултуу жана өндүрүүчү заводун куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Кечээ өкмөт төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Беларуска иш сапар менен барып, өнөр жай ишканаларын кыдырган. Алгач беларустар кыргызстандык делегацияга Минск трактор заводунун ишин көрсөттү."Тараптар Кыргызстанда "Минск трактор заводунун" атайын техникаларын чогултуу жана чыгаруу боюнча завод куруу маселесин талкуулады", — деп маалыматта жазылат. Мындан тышкары, "Белнефтехим" мамлекеттик концернинде продукция жеткирүү маселеси, "Ждановичи" агрокомбинатында Кыргызстан менен жашылча жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашуу маселеси каралды. "Минск трактор заводу" — КМШда жана дүйнөдө айыл чарба техникасын өндүрүү боюнча эң ири ишканалардын бири.
Кыргызстанга энергетиктерди алып кирүүгө алты айга тыюу салуу сунушталып, маркировкасында "энергетикалык суусундук" деп жазылган продукцияга акциздик маркаларды бербөө каралып жатат. Токтом долбооруна ылайык, курамында кофеин литрине 150 миллиграммдан, кургак заттардын үлүшү 10 пайыздан ашкан жана таурин, L-карнитин, глюкуронолактон сыяктуу компоненттери бар энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга чектөө коюлмакчы. Негиздеме-маалым катта Бишкекте 231 окуучу сурамжыланып, алардын 22 пайыздан ашыгы энергетик ичерин билдиргени жазылган. Алардын дээрлик 40 пайызы жумасына үч жолу жана андан да көп колдонорун айтып беришкен. Документте тыюу транзит менен өтчү продукцияларга тиешелүү болбостугу айтылды. Документ күчүнө киргенге чейин жөнөтүлгөн же төлөмү жүргүзүлгөн товарларды бир айдын ичинде алып кирүүгө болот. Энергетик деп саналбаган сергитүүчү суусундуктарга Саламаттык сактоо министрлиги ырастама берген кат талап кылынат. Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууну тапшырган.
Олимпиада чемпиондоруна өмүр бою ай сайын 30 миң сомдон төлөнөт. Бул боюнча токтомго минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Аталган каржылоо 2027-жылдын 1-январынан башталат.Өмүр бою берилүүчү төлөмдөр спорттук стипендиянын белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин башталат. Спортчунун бир нече титулу болсо, стипендиялар кошулбайт — эң жогорку сумма каралган бир титулу үчүн гана төлөнөт. Көз карандысыздык жылдарында Кыргызстан 13 олимпиадалык медаль алган. Алардын бешөө — күмүш, калгандары коло байгелер.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Россиянын кызыкчылыктарын камтыган Кара деңиз демилгеси боюнча макулдашуулардын аткарылышын камсыздай алган жок. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Коммерсант" гезитинедеги макаласында билдирди. Министр келишим БУУнун башкы катчысынын координациялык ролу менен ишке ашканын, бирок РФ тарапка тиешелүү бөлүгү аткарылбай калганын белгилеген.Анын айтымында, Батыш өкүлдөрү Кара деңиздеги кырдаалды чечүүдө украин эгинин гана сыртка чыгарууга басым жасап жатат. Эске салсак, буга чейин Лавров Украина Кара деңиз келишиминин алкагындагы макулдашууларды кыянаттык менен пайдаланганын айткан. Россияга убада кылынган шарттар аткарылбагандыктан, Москва ага катышуудан баш тартканын баса белгилеген эле.
Энергетиктерди өлкөгө алып кирүүгө алты айга тыюу салынатЛавров Гутерришти Киевдин кызыкчылыгына иштеди деп айыптадыКыргызстанда трактор техникаларын чыгаруучу завод курулушу мүмкүнКыргызстанда "Минск трактор заводунун" атайын техникаларын чогултуу жана өндүрүүчү заводун куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Кечээ өкмөт төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Беларуска иш сапар менен барып, өнөр жай ишканаларын кыдырган. Алгач беларустар кыргызстандык делегацияга Минск трактор заводунун ишин көрсөттү."Тараптар Кыргызстанда "Минск трактор заводунун" атайын техникаларын чогултуу жана чыгаруу боюнча завод куруу маселесин талкуулады", — деп маалыматта жазылат. Мындан тышкары, "Белнефтехим" мамлекеттик концернинде продукция жеткирүү маселеси, "Ждановичи" агрокомбинатында Кыргызстан менен жашылча жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча тажрыйба алмашуу маселеси каралды. "Минск трактор заводу" — КМШда жана дүйнөдө айыл чарба техникасын өндүрүү боюнча эң ири ишканалардын бири.Кыргызстанга энергетиктерди алып кирүүгө алты айга тыюу салуу сунушталып, маркировкасында "энергетикалык суусундук" деп жазылган продукцияга акциздик маркаларды бербөө каралып жатат. Токтом долбооруна ылайык, курамында кофеин литрине 150 миллиграммдан, кургак заттардын үлүшү 10 пайыздан ашкан жана таурин, L-карнитин, глюкуронолактон сыяктуу компоненттери бар энергетикалык алкоголсуз суусундуктарга чектөө коюлмакчы. Негиздеме-маалым катта Бишкекте 231 окуучу сурамжыланып, алардын 22 пайыздан ашыгы энергетик ичерин билдиргени жазылган. Алардын дээрлик 40 пайызы жумасына үч жолу жана андан да көп колдонорун айтып беришкен. Документте тыюу транзит менен өтчү продукцияларга тиешелүү болбостугу айтылды. Документ күчүнө киргенге чейин жөнөтүлгөн же төлөмү жүргүзүлгөн товарларды бир айдын ичинде алып кирүүгө болот. Энергетик деп саналбаган сергитүүчү суусундуктарга Саламаттык сактоо министрлиги ырастама берген кат талап кылынат. Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров энергетикалык суусундуктарды өндүрүүгө жана өлкөгө алып кирүүгө тыюу салууну тапшырган.Олимпиада чемпиондоруна өмүр бою ай сайын 30 миң сомдон төлөнөт. Бул боюнча токтомго минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Аталган каржылоо 2027-жылдын 1-январынан башталат.Өмүр бою берилүүчү төлөмдөр спорттук стипендиянын белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин башталат. Спортчунун бир нече титулу болсо, стипендиялар кошулбайт — эң жогорку сумма каралган бир титулу үчүн гана төлөнөт. Көз карандысыздык жылдарында Кыргызстан 13 олимпиадалык медаль алган. Алардын бешөө — күмүш, калгандары коло байгелер.БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш Россиянын кызыкчылыктарын камтыган Кара деңиз демилгеси боюнча макулдашуулардын аткарылышын камсыздай алган жок. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Коммерсант" гезитинедеги макаласында билдирди. Министр келишим БУУнун башкы катчысынын координациялык ролу менен ишке ашканын, бирок РФ тарапка тиешелүү бөлүгү аткарылбай калганын белгилеген.Анын айтымында, Батыш өкүлдөрү Кара деңиздеги кырдаалды чечүүдө украин эгинин гана сыртка чыгарууга басым жасап жатат. Эске салсак, буга чейин Лавров Украина Кара деңиз келишиминин алкагындагы макулдашууларды кыянаттык менен пайдаланганын айткан. Россияга убада кылынган шарттар аткарылбагандыктан, Москва ага катышуудан баш тартканын баса белгилеген эле.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/0a/1104808767_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e9de16975b253511c55c412fca006e8f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио