Румыния да Европанын от күйгөн жерлеринин бирине айланып калабы?

© AP Photo / Vadim GhirdaУлуттук тууну кармап турган румын жоокери
Улуттук тууну кармап турган румын жоокери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Жазылуу
Узаган апта ортосунда Украина менен чектешкен жерде Румыниянын Аскер-аба күчтөрүнүн техникасынын эки бирдиги жоголду. Украинадагы россиялык аскердик операция жүрүп жатканда мындай окуя ары табышмактуу, ары чагымчылдык сыяктанат.
Ошону менен бирге эле мындай көрүнүш НАТОнун түштүк-чыгыш канатын туруксуздукка батырып койчудай коркунуч туудурат. Анан калса Румыниянын территориясында чет өлкөлүк аскерлер жана сокку уруучу куралдар эбегейсиз санда экени белгилүү эмеспи.
Одесса облусунун чек арасына жакын Румыния Аскер-аба күчтөрү бир түн ичинде үндөн ыкчам ылдамдыктагы МиГ-21 Lancer истребители жана көп буталуу IAR-330 Puma тик учагынан кол жууганы, андагы жети аскер кызматкери набыт болгон маалымдалды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул окуяга баам салган.
Кырсыктын версияларынын биринде аба ырайы себеп катары айтылат. Ошентсе да румыниялык сокку уруучу авиациянын Украинадагы согуштук аракеттер зонасына жакын учуп жүрүшү кызык жана шек туудурат. НАТОдогулар мындай чагымчылдыкты Россияга каршы уюштурушу ыктымал. Эске салсак, румыниялык аскер базаларына чет өлкөлүк жоокерлер жана сокку уруучу каражаттар, анын ичинде өзөктүк курал ташый ала турган америкалык учактар топтоштурулган.
Экинчи жагынан Одессада украиналык күч түзүмдөрү Азербайжан, Беларусь жана Россиянын айдоочуларынан трейлерди тартып алып, жүгүн түшүрүп жатышат. Кыязы, чектешкен Румыниядан Украинанын борбордук аймактарына курал ташууга пайдаланылышы ыктымал. Румыния менен Одесса облусунун ортосундагы чек аранын узундугу 200 чакырым чакты, ал эми Рени – Измаил – Килия тилкесинде жол түйүнү бар. Тартып алынган жүк ташуучу унааларды чагымчылдык уюштуруу үчүн тонналаган жардыргыч заттарга толтурулган "жихад-мобилдерге" жабдышы мүмкүн.
Кандай болгон күндө да Румыниядан Одесса облусуна жана андан ары батыш Украинага кетчү транспорттук коридор россиялык жоокерлер тобу жана аскер-деңиз күчтөрүнүн өзгөчө көзөмөлүнө муктаж. Херсонду Украина Куралдуу күчтөрүнөн куткаруу жана Николаевди толук курчоо РФтин Кургактагы аскерлерине жол ачат. Күжүрмөн калааны улутчулдардан экинчи жолку куткарылышы ыраак эмес.
Украина президенти Владимир Зеленский 2-мартта Одесса облусунун губернаторлугуна "Айдар" улуттук батальонунун мурдагы командири Максим Марченкону дайындады. Украина Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү жана улуттук батальону тарабынан Донбасста миңдеген тургундардын өлтүрүлүшүн, 2014-жылы Одессада Кесиптик бирлик үйүндөгү адамдардын "ритуалдык" жагылышын эч ким унута элек.
АКШ Джорджия штатында Вогтль атомдук электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аргасыздык. АКШ Россия менен атомдук келишим түзөбү?
Деңиздин Украина тараптагы жээги бөгөттөлгөн. РФтин согуштук кемелери жана авиация ал жакты өз көзөмөлүнө алган. 1 171 жана 775 долбоорлорунун ири десанттык кемелеринин, "Адмирал Григорович" ракеталык фрегатынын караандары даана байкалат. Жээктин тилкелеринин биринде десанттык операция болушу да ажеп эмес. Эгер чектеш Румыния жолтоо болууга батынса, Россиянын Аскер-деңиз флоту жана Аба-космостук күчтөрүнүн жообу катаал болору бышык. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин ачык эле эскерткен.
Румыниялык МиГ-21 Lancer истребителинин кокустан жоголушу күмөн жаратат. Түнкү учуштарга дасыккан учкучтарга гана уруксат берилет. Көп буталуу МиГ-21 истребители Калашников автоматы өңдүү өз ынанымдуулугу менен дүйнөгө даңазаланат. Куба, Вьетнам жана Жакынкы Чыгышта мыктылыгын тастыктаган. Азыркы арсеналында америкалык өндүрүштөгү "аба – аба" жана "аба – жер бети" тибиндеги ар кандай аралыктагы, ошондой эле радиолокациялыктардан коргоочу тескелүүчү ракеталар, чабуул коюучу Mk82 LGB авиабомбалар бар. Машинанын бийиктиги – 19 000 м, маневрдүү, ыкчам келип, саатына 2 200 чакырымга чейинки аралыкты багындыра алат. Аракет этүү радиусу – 750 чакырым (май куюучу челектери болбосо), аскердик жүгү – 1500 кг.
МиГ-21 Lancer модификациясы – заманга бапташтыруу боюнча 1990-жылдардын ортосунда израилдик ийгиликтүү аракеттин натыйжасы. Пайдаланылып жүргөнүнө бир топ болсо да (СССРде 1959 – 1985-жылдары сериялык чыгарылчу) МиГ-21ге көп өлкөлөрдүн учкучтары суктанып бүтө албайт. НАТО да МиГ-21 менен куралданган.
Эң жогорку техникалык мүнөздөмөлөрүн анын СССР, Чехословакия, Индия жана Кытайда ар кыл модификацияда 14 миңден ашуун чыгарылышы да тастыктап турат. Бул жагынан дүйнө чемпиону атыгууга татыктуу.
Румыниялык МиГ-21 Lancer 3-марттын түнүндө, өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабындагы Констанца уездиндеги Михаил Когэлничану авиабазасынан учуп чыккандан 13 мүнөт өткөн соң радарлардан кайым болгон. Ошол маалда учуш тилкесинен болгону 20 чакырым ары – Кожалак жана Гура-Доброжей калктуу пунктуларынын ортосунда болгону айтылат. Бирок 12 мүнөт ичинде МиГ-21 истребители кеминде 200 чакырым аралыкка, Украина чек арасына жетип, маселен, Украина Куралдуу күчтөрүнүн "достук огуна" кабылышы ыктымал эле. Аэродромдон 11 чакырым аралыкта куткаруучу IAR-330 Puma тик учагынын да кулашы ого бетер күдүк ойлорду жаратат.
ДЭРдин аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Z россиялык операциясы батыш аналогдорунан кандай айырмаланат?
Анан да МиГ-21 Lancer истребители кулаган жер аныктала элек, учкуч да бейдарек кетти. Ошол түнү Констанцанын айланасында аба шарты да учушка кыйла туура келген. Ала булут каптап, шамал секундасына 3 – 8 метрди түзүп, абанын табы – 1 +4 °C болгон.
Дароо эки учуучу аппараттын бир түндө авиабазанын айланасында мындай кырсыкка кабылышы өтө кызык, болушу да мүмкүн эмес. Румыниянын Аскер-аба күчтөрү чындыкка коошкон окуяны айтып же эч болбоду дегенде учактын сыныктарын таап көрсөтсө ынанымдуураак болмок.
IAR-330 Puma тик учагы сокку уруучу модификацияга ээ, набыт болгон жети аскер (куткаруучу топ үчүн көптүк кылат) украиналык багытта өз алдынча милдетти аткарууга чыгышы да мүмкүн.
Мурдагы күнү РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинада патогендерди иштеп чыгуу үчүн АКШнын эки биологиялык аскердик лабораториясы курулганын, ошол себептен Пентагон химиялык жана биологиялык объектилердин тагдырына катуу тынчсызданып жатканын айтты.
Балким тик учакта диверсанттар тобу АКШнын Одессадагы аскердик биолабораториясын кыйратып, кылмыш изин тазалап, биологиялык куралды чачып туруп Россияга шылтамак да чыгар. Айтор, варианттар ого эле арбын.
Румыниялык Аскер-аба күчтөрүнүн 100 чакты IAR-330L Puma тик учагы бар. Винт канаттуу машина 16 жоокерди ташый алат. IAR 330L борттук курал тутумунда 20 миллиметрлик турелдик замбирек, эки 7,62 мм калибрдеги эки пулемет бар. Булардан тышкары, танкка каршы коргонуучу Х-5 ракета орнотмодон экөө жана НАТО үчүн 57/70 мм тескелбеген ракеталык орнотмодон төрт бирдик камтылган.
Тик учак радиоэлектрондук күрөштүн эң акыркы үлгүдөгү системалары менен жабдылып, бийиктиги – 6000 метр, эң чоң ылдамдыгы саатына 276 чакырымды түзөт. Аракет радиусу – 300 чакырым, көккө бир көтөрүлгөндө төрт саатка чейин учуп жүрө алат. Ушундай ынанымдуу машина, анан анын да ошол түндө жоголушу түкшүмөл ойлорго түртпөй койбойт. РФтин демилитаризация жана денацификация боюнча атайын операциялары аяктаганча алардын жаңжал аймагынан ыраак турганы туура болмок. НАТОнун киевдик режимге тымызын же ачык көмөгү Украина куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүндө жана чет өлкөлүк жалданма аскерлер арасында курмандыктардын санын гана арттырып коюшу ыктымал. Ошондой эле Чыгыш Европа жана Жакынкы Чыгышта альянстын учуучу аппараттарын коркунучка кептеши мүмкүн.
Эгер Украина жыйырма жыл аралыгында СССРден мураска калган куралдарынын олчойгон көлөмүн сатып бүткөн болсо, "Стингер" (террорчулардын самаганы) көчмө зениттик-ракеталык комплексин жөн эле талап кетишет.
РФ Тышкы иштер министрлиги Россиянын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы аягына чейин чыгарыларын дагы бир ирет эскертти.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Нью-Йорк биржасынын кабатында трейдерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Батыш Россия үчүн "экинчи Афганистан" түзүүнү кыялданып келет
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"1941-жылдын 22-июну" кайталанбайт! Украинаны куралга толтурган НАТОго жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0