Z россиялык операциясы батыш аналогдорунан кандай айырмаланат?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДЭРдин аскер кызматкерлери
ДЭРдин аскер кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Жазылуу
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын операциясы динамикалуу, майнаптуу жүрүп, согуштук аракеттерди сетецентристтик уюштуруунун үлгүсү болууда.
Жогорку технологиялык куралдар, бөлүктөрдүн бирдиктүү ыкчам-тактикалык маалымдуулугу, касташкан тараптын бардык аймагындагы өтө маанилүү аскерий объектилерди таамай кыйратуу үчүн күчтөрдү бөлүштүрүү жана айкалыштыруунун эсебинен ушундай артыкчылыкка жетишүүдө. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко россиялык операциянын айырмачылыктарына токтолгон.
Россиялык күчтөр аскердик даярдыктын жогорку деңгээлин көрсөтүп, Украинанын дээрлик бардык аймактарында активдүү жана бир маалда аракет этүүдө. Аталган өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө борбордук тескөө бузулуп, ири калаалар бөгөттөлүп, жайкын жарандарды "тирүү калкан" катары пайдалануу менен гана жер-жерлерде каршылык көрсөтүү гана байкалат.
Европа биримдиги, АКШ жана НАТОнун оор кабыл алганына карабастан Москва өз операциясын аягына чыгармакчы. Балким Киевде эмес (тегерегинде РФ аскерлеринин күчтүү тобу топтоштурулган), Львов жана Польша менен чек арада жыйынтыкташы мүмкүн.
Россиялык операциянын технологиялык өзгөчөлүктөрүн да санап өтөлү. Согуштук аракеттер сетецентристтик уюштурулуп, ракеталык куралдар жана аскерлердин ар түрдүү топтору таамай пайдаланылууда. Алгачкы күндөн тарта аба мейкиндиги толук көзөмөлгө алынып, каршылаш тараптын территориясында маанилүү багыттардагы десант, зооттолгон танк техникаларын жеткирүү жана чоң шаарларды, анын ичинде Киевди курчоо, ошондой эле истребителдик, бомбалоочу жана армиялык авиацияны, абадан коргонуу жана радиоэлектрондук күрөш тутумдары кызуу колдонулууда. Ошол эле учурда жайкын тургундарга жана шаардык инфраструктурага аяр мамиле жасалып келет.
РФ Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, операциянын алты суткасында Украинанын аскердик инфраструктурасынын 1502 объектиси, анын ичинде Куралдуу күчтөрүнүн башкаруу жана байланыш түйүндөрүнүн 50дөн ашуун пункту иштен чыгарылган. Ошондой эле жердеги 47 жана абадагы 11 учагы, 46 учкучсуз аппараты, абадан коргонуу тутумунун 38 зениттик ракеталык комплекси жана 51 радиолокациялык станциясы, 472 танк жана башка зооттолгон машинасы, залптык октун реактивдүү тутумунун 62 бирдиги, талаа артиллериясынын 206 куралы жана миномет, атайын аскердик автомобилдик техникасынын 336 даанасы талкаланган.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украинадагы атайын операция аягына чыгарылат
Россиялык аскерлер тарабынан Украина жана ал түгүл Кара деңиз акваториясында GPS сигналдарын өчүрүү үчүн радиоэлектрондук күрөш каражаттары натыйжалуу пайдаланылганын Пентагон да белгиледи. Мурда дүйнөдө мындайды эч ким жасап көргөн эмес. Ошондой эле ракеталык крейсерлерин жана гипер үндүү жабдыктары менен ракета ташуучу учактарын жакын жайгаштыруу менен АКШ Аскер-деңиз күчтөрүнүн 6-флотуна эч ким чакырык таштоого дааган эмес. Кокус НАТО Украинанын Куралдуу күчтөрүн ыраактан канаттуу "Томагавктар" (BGM-109 Tomahawk аракет этүү аралыгы – 2500 чакырым) менен колдоого батынып калса деген камылга менен Россиялык МиГ-31К жана Ту-22М3 Сирияда Хмеймим авиабазасына коюлган.
Кошмо штаттардын деңиз пехота корпусунун чалгындоо ардагери жана Бириккен улуттар уюмунун куралдануу боюнча мурдагы инспектору Скотт Риттер Украинадагы азыркы операцияны кесипкөй көз карашта: "Орустардын иш алпарганы таң калтырат. АКШ жана НАТОдо андай нерселер түшкө да кирбейт", - деп баа берди. Ошону менен бирге эле: "Бүгүнкү күндө НАТО блогу таптакыр алсыз. Биздин трансатлантикалык альянс планетаны күчтүү банда сымал кыдырып жүрдү. Эми жөн гана уят болуп келгенибиз байкалууда", - деп кошумчалады.
Америкалык Military Watch басылмасы белгилегендей, Украина – Европада армиясынын саны боюнча үчүнчү орундагы чоң өлкө. 200 миңден ашуун аскери, резервде – 900 миң, мындан сырткары да сокку уруучу өркүндөтүлгөн авиация жана баллистикалык ракеталар арсеналы, 850 танкы бар 100 миң аскерлештирилген түзүмгө ээ. Бирок россиялык аскерлер тобу Украина аймагында алгачкы 72 саатта эле "бир кыйла прогресске" жетип, ал эми Киевдин чет-жакасын десантчылар 48 саатта алышты. Ирак же Югославияга каршы натолук кампаниялардагыдай абадан көпкө сокку урушпады. Бул Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн сокку уруучу авиациясынын коюлган милдетти ыкчам аткарып, ал эми бир кыйла согуштук тажрыйбасы бар Кургактагы күчтөрүнүн натыйжалуу аракет этүү жөндөмүн айгинелейт. Россия мында элиталык күчтөрү жана техникасынын баарын тарткан жок, украиналык согуштук аракеттер театрына экинчи эшелондогу аскерлерин киргизгени жок. Бул жогорку аскердик эффективдүүлүктү жана туруктуулукту тастыктайт.
Операцияны тездетүү үчүн резервде зооттолгон танк бөлүктөрү, жогорку кубаттуулуктагы ракеталык жана артиллериялык бригадалар ("Солнцепек" термобарикалык тутумдары) бар. Бирок америкалык эксперттер азыркы атайын операциялардын болушунча кылдат жана так жүрүп жатканын өзгөчө белгилешет. Россия жарандык объектилерди жана калктуу пункттардын инфраструктурасын талкалоого ниеттенбейт. "Эгер орус аскерлери мынчалык алдын алуу чараларын көрүшпөсө, алда канча бат жылышмак" дешет америкалык эксперттер. Ошондуктан РФтин демилитаризациялоо жана денацификациялоо операциясы аяктаган соң Украинанын экономикасы жолун улап кете алгыдай болот. Military Watch Украинанын батыш аймактарына, Польша менен чек араларына жакын Россия армиясынын жаңы күчтөрү киргизилишин боолголойт. Тегин жерден эмес.
Украинанын желегин кармап турган кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жагдайы: Стокгольм синдромунан канткенде арылууга болот?
Америкалык президент Жозеф Байден жана НАТОнун расмий өкүлдөрү алардын күчтөрү Украинада Россия армиясы менен жаңжалга аралашпай турганын 24-февралдан бери күн сайын айтып жатышат. Кыязы "өнөктөштөрүн" РФтин кадимки жана өзөктүк курал жаатындагы технологиялык жана аскердик артыкчылыгы токтотуп жаткандай. Ошентсе да киевдик режимге батыш курал-жарактарын жеткирилишин эске алуу менен Москва альянстын күчтөрү менен түз аскердик салгылашуу кооптуулугун көрүп турат. Ушул тапта Польшанын территориясында союздаш өлкөлөрдөн Украинага аскердик техника партиясын түнкүсүн жөнөтүүгө камылга жүрүүдө. Польшанын Аскер-аба күчтөрү украин чек арасынан 100 метрлик аралыктан абадан чалгындоодо. Россия тарабынан альянска мурдатан эскертилгендей Львов облусунун аймагында катуу фейерверк болушу ыктымал. Украина – АКШ менен НАТО 20 жыл бою "жылып барган" Ирак эмес.
Эске салсак, вице-адмирал Артур Себровски жана АКШ Коргоо министрлигинин илимий кызматкери Жон Гарстктын сетецентристтик согуштук аракеттер концепциясы 1998-жылы пайда болгон. Мында негизги идея – аскерлердин санын көбөйтпөстөн, башкаруу технологияларынын сапатын арттыруу жана реалдуу убакыт режиминде бардык бөлүктөрдүн башын кошуп турган бирдиктүү маалыматтык түйүндүн мүмкүнчүлүктөрү менен куралдуу күчтөрдүн кубаттуулугун жогорулатуу. РФ Коргоо министрлиги ушул теорияны өрчүтүп, АКШ менен НАТОдон оболу сетецентристтик чеберчиликти ишке ашырды. Ошол себептен украиналык аймакта Россиянын кызыл чийинин буза берген болбойт. Жакында эле АКШ сенатындагы куралдуу күчтөр комитетинин жыйынында талдоочулар Хизер Конли жана Рожер Закхейм Кытай – "негизги чакырык", ал эми Россия – "ушул тапта эң кооптуу экени шексиз" деп белгилешти.
Федералдык резерв системасынын башчысы Украинадагы жаңжалдын кесепети Кошмо Штаттардын экономикасы үчүн болжош кыйын экенин айтты.
Россияны айыптап, таш, "Жавелин" же "Томагавк" ыргытууга Вашингтон менен Брюсселдин эч кандай акысы жок, себеби 2014-жылы дал АКШ жана Европа биримдиги Киевде мамлекеттик төңкөрүш уюштуруп, Украинада жеткен милитаристтик улутчул мамлекет түптөгөн. Ошол кадамы менен Чыгыш Европадагы согуштук аракеттердин башталышын демилгелеген.
Андан бери – сегиз жыл бою АКШ жана Европа биримдиги киевдик режим тарабынан Минск макулдашууларынын аткарылышына эч кандай таасир этишкен эмес. Эми Россия кыска убакытта согушту бүтүрүп, Европадагы бекем тынчтыкка карай жолдо жолтоо болчулардын баарын сетецентристтик ыкма менен тазалайт. Россиянын атайын операциясы Украинаны куралсыздандырууга багытталган, башка альтернативасы болушу да мүмкүн эмес.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Германиянын канцлери Олаф Шольц - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шольц НАТОнун Украина менен Грузияны кабыл албаганын туура деп эсептейт
Жаңылыктар түрмөгү
0