Батыш Россия үчүн "экинчи Афганистан" түзүүнү кыялданып келет

© AFP / SPENCER PLATTНью-Йорк биржасынын кабатында трейдерлер
Нью-Йорк биржасынын кабатында трейдерлер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2022
Жазылуу
Россияны токтотуу үчүн Батыш дагы эмнеге барат? Жарыяланган финансылык-экономикалык согуштан башка дагы бир нерсе барбы?
Батыш ушу тапта өзүнүн жоготуусун эсепке албай, тагыраагы, Россияны дүйнөлүк экономикадан сүрүп чыгаруунун кесепети өзү үчүн кандай болорун ойлонбой туруп согуш жарыялады. Азырынча эсепке албай деп туралы, анткени россиялык отундун (нефть, газ, көмүр, торф, өзөктүк отун) экспортуна тыюу салына элек. Бул колдонулушу мүмкүн болгон эң күчтүү курал.
Батыш бүгүнкү күндө бул куралды колдонуудан алыс, бирок Россия өзү буга барышы мүмкүн деп кооптонуп турат. Кремлдин планында нефть жана газ "атомбук бомбасын" жардыруу жок, керек болсо азырынча өлкөнү батышка карай санкциясы өтө жумшак. Эмнеге? Анткени Батыш кабыл алган чаралардын кээри Россия үчүн эмес, дүйнө экономикасы үчүн да өтө оор болот. Азырынча болчу кесепеттин масштабын эч ким боолголой албайт, дүйнө түзүлүшүнүн эски системасы көз алдыбызда уроодо. Кыйроонун ылдамдыгы ар башка болушу мүмкүн — бул Батыштын Россияны чектөө аракети канчага созуларынан көз каранды.
Ооба, качандыр бир кезде санкциялар да токтойт, анткени мунун өзү Батыш үчүн жана финансы-экономикалык системасы үчүн чоң жоготууларды шарттайт. Барган сайын оорлой берет, себеби айрымдары келечекте иштей тургандай болуп киргизилген. Анын үстүнө Россияга каршы кабыл алынган чаралар Батышка кирбеген өлкөлөргө катуу таасир этти. Эми дүйнөнүн бул бөлүгүн санкциялар убактылуу экенине ишендирүү керек.
Андыктан азыр катаал санкцияларды токтотууга Батыш өзү кызыкдар. Болгону Россияны токтотуу жана экономикалык жактан муунтуу аракетинен эч майнап чыкпай турганына ынанышы керек.
Ооба, Батыш Россияны экономикалык жактан кыйратууга белсенген. Болбосо мынчалык масштабдуу, эки жакты тең кыйнаган кадамдарга барбайт эле. Путин аскер кызматкерлерин мобилизацияласа, союздаш мамлекеттер жооп катары финансылык күчүн мобилизациялады, эми бул финансы менен армиянын оюну деп жазды Атлантикалык кеңештин мүчөсү Жулия Фридландер. Россиялык армия коюлган максатына жетери шексиз, ал эми Батыштын финансылык соккусучу? Москваны бутага алганы менен өзүнүн глобалдуу системасын жабыркатып алды. Россияны дүйнө экономикасынан четтетмек болду эле, натыйжада дүйнөнү көзөмөлдөгөн инструменттеринен кол жууп калды.
Украинанын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы эми экономикалык согуш ачты
Азыр Батыштын бул тууралуу ойлонуудан баш тартып, жакынкы айларда Россия экономикасынын коллапсы болбосо да жашоо деңгээлинин төмөндөшү менен элдин нааразычылыгын күтүп жатат. Эмигранттар менен олигархтарды орустар деп кабылдап, жашоо-турмуштун начарлашынан эле эл Владимир Путинден жүз буруп кетет деп адашууда. Андыктан бул үчүн Украинадагы аскердик операциянын узакка созууга кызыкдар.
Орустар менен украиндердин төгүлгөн каны керек Батышка, дал ушул себептен Зеленскийге каршылык көрсөтүүнү токтотууга буйрук бербестен, колдоп, "Стингер" менен Евробиримдикке мүчөлүк убадалоодо. Биринчи кезекте моралдык жактан колдоо көрсөтүп жатат, анткени материалдык жактан (аскердик техника жактан) колдоого чама-чаркы барган сайын чектелүүдө.
Батыш Украина жеңип, Зеленский ордунда калып, өлкө ЕБге кирерине ишенет деп ойлодуңуз беле? Же россиялык армия Украинаны Батыш үчүн ачык таштап кетерине үмүр артып турат дедиңизби? Албетте, жок. Азыр Батыш Украинадагы аскердик операция созула турушуна гана кызыкдар. Абал нааразычылыкты жаратып, керек болсо Путинди Украинадан аскерин алып чыгып кетүүгө мажбурлаган бунт чыгып кетишин каалап турат.
Ишке ашпас кыял. Бирок англосаксондук элитанын бир бөлүгүнүн логикасы ушундай. Америкалык абройлуу аналитик, Эл аралык мамиле боюнча кеңештин президенти Ричард Хаас мындай дейт:
"Өлкөсү ири экономикалык жана аскердик жоготууга дуушар болгудай аракеттерди жасоо зарыл. Минтип айтчу эмес элем, бирок Путинди тизеге чапчу нерсе — россиялык жоокерлердин өлүмү. Андыктан биз Украинаны каршылык көрсөтүүчү каражаттар менен камсыздашыбыз керек".
Мунай өндүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Газ менен нефтинин кымбатташы: Борбор Азияга таасири кандай болот
Бул жерде максат Украина эмес экенин көрүүгө болот. Хаас Россиядагы режимди өзгөртүүгө чакырык таштап жатат. Дал ушул үчүн Украинада "экинчи Афганистан" түзүү зарыл. Муну атлантчылар атайын операция башталганга чейин эле айтышкан.
Бирок Украинага аскер техникасын жеткирүү дээрлик мүмкүн болбой калгандыктан, акырына чейин күрөшүүгө даяр турган украиналыктарга дем берип туруу үчүн жардам жана "Россияны ичтен иритүүнү" убадалоо зарыл.
Путин болбосо — санкциялар да болбойт, демек, Батыштын чектөөлөрдөн улам экономикалык жана кадыр-баркына кеткен доону минималдаштырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бул алыска ыргытылган укурук, ал эми жакынкы арада аскердик операцияны создуктуруп, санкциялык басымды сактап, Россияны алсыратуу максаты турат.
Мындай пландын бир көйгөйү бар. Эч кандай создугуу болбойт. Украина армиясы бир-эки жума өткөн соң каршылык көрсөтүүнү токтотот. Узакка созууга мүмкүнчүлүгү да, ресурсу да жок. Кийин Россия дагы көпкө чейин Украина менен алектенет, бирок бул башка окуя жана башка Украина болот.
Батыш согушту узартуу ою оңунан чыкпай калганын көргөн соң өзү кыйраткан дүйнөнүн финансы-экономикалык системасын кантип калыбына келтирүү керек деген маселени чечиши керек болот. Бир нече айдан кийин Россияга киргизилген санкциялардын бир бөлүгү алынышы толук ыктамыл, бирок буга чейин өкүм сүргөн тынчтыкты кайтарууга жол жок. Согуш бүтөт, ал эми глобалдуу финансы-экономикалык жана геосаясий бороон жаңыдан башталууда. Россия тарап анда деле жеңилген тарап болбойт.
Украинанын желегин кармап турган кишилер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина жагдайы: Стокгольм синдромунан канткенде арылууга болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0