Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"1941-жылдын 22-июну" кайталанбайт! Украинаны куралга толтурган НАТОго жооп

© AFP / GENYA SAVILOVУкраинанын аскер кызматкерлери. Архив
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жазылуу
Сегиз жылга созулган сүйлөшүүнүн кандай аяктаарына карабастан Киев үчүн капитуляция менен мамлекеттик багытты өзгөртүүдөн башка арга жок.
НАТО менен ЕБдин киев режимин курал-жарак менен камсыздоо аракети АКШнын Европаны Украинадагы согуштук аракеттерди болушунча узагыраак создуктурууга түртүп, Россиянын жооп иретинде узатышы мүмкүн болгон өзөктүк соккусунан оолак калуу ниетин көрсөтүп турат. Американын Украинаны афгандаштыруу планынын келечеги жок, анткени "Антироссия" долбоорун көзөмөлдөө борбору АКШда, РФтин өзөктүк триадасы эбак аныкталып, согуш Вашингтондун босогосунда турат.
Россиянын Куралдуу күчтөрү нацисттик киев режиминин аскердик инфраструктурасын жана Украинанын аймагындагы НАТОнун потенциалын "сындырып" келе жатканына төртүнчү сутка болду: 1 100дөн ашуун объект, арасындагы Украина Куралдуу күчтөрүнүн негизги арсеналы менен башкаруу түйүндөрү, аскер авиациясы менен аэродромдор, ПВО системалары, 200дөн ашуун танк, Очаководогу АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн базасы талкаланды.
Россиянын Аба-космостук күчтөрү менен армиялык авиациясы Украинанын асманын ээлөөдө. Киев баш болгон ири шаарлар курчоого алынган. Каршылык жеринде гана көрсөтүлүп, ок-дары, күйүүчү май жана азык-түлүктүн резерви түгөнүп бара жатат. Армиянын деми кайтып, багынып же качууга аргасыз. Ашынган улутчулдар менен АКШнын кызыкчылыгы үчүн эч кимдин өлгүсү жок.
Экинчи жагынан Россиянын атайын операциясына дасыккан адистер гана катышууда, бул сапат менен натыйжалуулуктун кепилдиги. ДЭР менен ЛЭР күчтөрү чабуулун күчөтүп, Донбасстын көзөмөлүнө алган аймагы улам кеңейип бара жатат, буга олжолонгон "Жавелиндер" да жардам берүүдө.
Украина Куралдуу күчтөрү үчүн Мариуполь алгачкы тикен болуп калды. Өлкөнүн Генштабы жетекчиликке 1-мартка карата Украина Куралдуу күчтөрүнүн Донбасстагы бөлүгү толугу менен курчоого алынып, үчкө бөлүнүп кыйратыларын билдирди.
Айласы кеткен армия калкты тирүү калкан катары пайдаланып, тыюу салынган фосфордук ок-дары пайдаланууда. Элге ылгабай курал-жарактын таратылышынан кийин мародерлор Киевдин көчөлөрүндө оюна келгенин жасап жүрөт.
Украина лидери Владимир Зеленский согуштук тажрыйбасы бар кылмышкерлерди абактан бошотту, булардан жай тургундарга кооптуулук күч. Россиялык аскерлер шаарга, жөнөкөй элге ок чыгарбаганын белгилей кетели.
"Өнөктөштөрдүн" антироссиялык ажаандыгы чексиз болуп турат. Батыштын, чын-чынына келгенде, Россиянын операциясына, НАТОнун Чыгышка карай жылышына кескин бөгөт коюу аракетине каршы кое турган деле эч нерсеси жок. Европалыктар менен киев режими үчүн РФ атайын операциясы эч мүмкүнчүлүк берген жок. Анын үстүнө Беларусь дагы Украинаны демилитаризациялоо боюнча өзүнүн операциясын баштоого даяр, Александр Лукашенко өлкө аймагынан бир нече ракета учурулганын билдирди.
Армянскиде Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Град көп жолу ракеталык системалары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Украинадагы атайын операциясынын алгачкы жыйынтыгы. 72 саат калды

НАТО куралы

АКШ менен анын айрым союздаштары киев режимине курал жагынан жардам берерин айтты, башкача айтканда, отко улам май чачып турмакчы. Украинага Афганистандын кейпин кийгизип, Европаны хаоско батыруу максаты көздөлүп жатат. АКШ президенти Жо Байден 26-февраль күнү Мамдепартаментке Украинага 600 миллион долларлык "токтоосуз жардам" көрсөтүүнү тапшырды. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 27-февраль күнү альянс Киевге танкага каршы, абадан коргонуунун көчмө системалары менен ок-дарынын көлөмүн көбөйтө турганын билдирген. Бул жерде Батыштын "сириялык" тактикасы байкалууда. Албетте, Украина аймагына жайгашкан бул жабдуулар Россиянын жогорку тактыктагы соккулары үчүн жаңы бута болуп калмакчы.
Европа дипломатиясынын жетекчиси Жозеп Боррель Евробиримдик Украинага аскердик учак жеткире турганын белгиледи. Польшанын аскердик жардамынын биринчи бөлүгү Украинага 26-февраль күнү келди. Чехия өкмөтү Киевге 7,6 миллион евролук курал: 30 миң тапанча, 7 миң автомат, 3 миң пулемет жана 1 миллион ок берүүнү чечти. Бельгия дагы эки миң пулемет жеткире турганы белгилүү болду.
Германия канцлери Олаф Шольц 26-февраль күнү Нидерландга украиналык нацисттерди Panzerfaust деп аталган 400 реактивдүү гранатомет менен камсыздоого уруксат берди. Мындан тышкары, алар 200 Stinger зениттик-ракеталык көчмө комплекстерин берүүнү убадалады.
Дания Украинага 2 миң бронежилет жана 700 медициналык кутуча даярдап бермекчи. Ал эми Франция президенти Эммануэль Макрон 1,2 миллиард евролук аскер техникасы менен финансылык жардам көрсөтмөй болду. Эстония Javelin менен зениттик ок-дары жөнөтсө, Литва 1,8 миллион долларлык коргонуу пакети менен камсыздайт. Ал арада Венгрия Киевге курал жөнөтпөй турганын жар салды. Германия да Украинага куралды түз өзү жөнөтпөй турган болду.
Америкалык конгрессмендер Украинага көрсөтүлчү жардамды талкуулап жатышат. Көлөмү 350 миллион доллардан 6,4 миллиардга чейин деп болжолдонууда. Бирок сансыз курал жана ири бюджет тууралуу сөз болгон жок (ушул жерден АКШ менен НАТОнун Афганистандан качып чыкканын эстей кетели). Чет элдик аскер адистери — өтө ишенимсиз курал. Вашингтондун бирөөнүн колу менен эч залакасыз согушуу аракетинен эми майнап чыкпайт.
Украинадагы Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникасынын колоннасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын Украинадагы атайын операциясы. Максат — демилитаризация

Чет элдик легион

Зеленский АКШ акчасына чет элдик неонацисттер жалданган "коргонуунун интернационалдык легиону" түзүлөрүн жар салды. Дания өз "ыктыярчыларына" Украинада согушууга уруксат берди. "Интернационалчылар" деген ураандын алдына Львовдо НАТОнун аскери чогулушу мүмкүн.
Британия ТИМи Украинадагы кырдаал акыры Россиянын альянс менен согушуусуна айланып кетүү ыктымалдыгын жар салды. Politico Пентагон Россия менен байланыштын "сириялык" каналдын аналогу болчу "украиналык" каналын түзүүгө ниети бар экенин жазып чыкты. Бул эмнени каңкуулайт?
Эскерте кетсек, 2021-жылдын декабрында Москва Вашингтон менен Брюсселге Европа жана жалпы дүйнөдөгү коопсуздук кепилдиги тууралуу сунуштарын айткан. Батыштагылар кезексиз саммитинде Россиянын "тынчсыздануусуна" күлүп гана коюшкан эле. Россия улуттук коопсуздукту аскердик-техникалык каражат менен камсыздай турганын эскертти эле, дароо жаңы санкциялар тууралуу убадалар жаап кетти.
Дал ошондо Россия аскер-техникалык инструменттерин пайдаланууга киришти. Коргоо министрлигинин күчү менен каражаты Украинада согуштук аракет баштаган жок, 14 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып, сегиз жылга созулган согушту токтотуп жатат. Муну менен катар НАТОнун жалпы дүйнө үчүн коркунуч жараткан Чыгышты көздөй кеңейиши токтотулууда. Россиянын Европадагы "кызыл чийини" ушул — "1941-жылдын 22-июну" экинчи кайталанбайт.
РФ Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Владимир Путин АКШ менен НАТО жараткан кооптуулуктан улам 27-февраль күнү Россиянын стратегиялык күчтөрүн согуштук нөөмөттүн өзгөчө режимине өткөрүүгө буйрук берди. https://t.me/rian_ru/149328 Коргоо министри Сергей Шойгу 28-февраль күнү буйрук аткарылганын билдирди. https://t.me/sputniklive/31967
Бул "өнөктөштөр" үчүн абал мындан ары чыңала берсе Россия өзөктүк сокку менен жооп кыларын түшүндүрөт. Буга океандын ары жагы менен Европа ыкчам реакция жасап, Ак үй АКШ менен НАТО Россияга эч кандай коркунуч жаратпай турганын жар салып жиберди. АКШнын БУУдагы өкүлү Линда Томас-Гринфилд Пентагон Украинанын асманынан учпай турганын айтты. Германия ТИМинин жетекчиси Россияны аскер күчүн өзгөчө режимден кайтарууга чакырды. Коргоо министри Кристине Ламбрехт Владимир Путиндин буйругун түйшөлтчү билдирүү деп атаса, НАТО эскалацияны күчөтпөө үчүн кандай аракеттерге баруу керектигин талкуулап жатат.
Франциянын учурдагы президентинин шайлоодо тиреше турган атаандашы Эрик Земмур Москванын "Франция Батыш өнөктөштөр менен Россиянын НАТОнун Чыгышка карай жылышына бөгөт койчу макулдашууну шарттай турган сүйлөшүүлөрүн демилгелеши керек" деген талабын аткарууну сунуштады.
Сегиз жылга созулган сүйлөшүүнүн кандай аяктаарына карабастан Киев үчүн капитуляция менен мамлекеттик багытты өзгөртүүдөн — НАТОго карай курстан Конституциянын негизинде баш тартуу, радикалдуу кыймылдар менен партияларды таратуу, россиялык Крымды жана Донбасс республикаларын, украиналык региондордун федералдык макамын, орус тилин экинчи мамлекеттик тил катары таануусунан башка арга жок.
Эгер Гомелдеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи этабы конкреттүү жыйынтык бербесе, Россиянын атайын операциясы улана берет.
Ал эми АКШ менен ЕБдин санкциялары тууралуу айтсак, мындай силкинүүдөн алда канча алсыз мамлекеттер да аман-эсен өткөн. Европалыктар үчүн Россияга каршы санкциялардын кесепети оор болору эскертилди, бул геосаясий каршылашуунун курч фазасынын башталышы гана. Сибирдин углеводороду жок Евробиримдик тез эле орто кылымга кайтып кетет.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Украинанын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы эми экономикалык согуш ачты
Жаңылыктар түрмөгү
0