00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу качан башталары белгилүү болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовКамбар-Ата-2 ГЭСиндеги энергоблок. Архив
Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги энергоблок. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2022
Жазылуу
Камбар-Ата-1 ГЭСи кубаттуулугу боюнча 1 860 мегаватты түзүп, жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр кубатын иштеп чыгары айтылып келет.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу 1-апрелден тарта башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун биринчи этабын өзүбүз баштаганы турабыз. Алгачкы инфраструктурасын түзүүгө 18,8 миллион доллар керек экен. Ал каражатты таптык, бюджетте турат. Калганын Финансы министрлиги караштырып жатат", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты ушул жылдын соңу же келерки жылдын май айына чейин ишке кирерин, анын кубаттуулугу 250 мегаватт болорун айтты.
"Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев башынан эле кызыкдар болчу. Жакында бул долбоорго катышуу ниети бар экенин Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев билдирди", — деди төрага.

Камбар-Ата-1 ГЭСи тууралуу

Камбар-Ата-1 ГЭСи кубаттуулугу боюнча 1 860 мегаватты түзүп (Токтогул ГЭСинен бир жарым эсе чоңдук кылмакчы), жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр кубатын иштеп чыгары кабарланган. Салыштыруу үчүн айтсак, былтыр өлкөдө 15 миллиард киловатт-саат өндүрүлгөн. Сөз болуп жаткан ГЭС Токтогулдан жогорураак, Нарын дарыясына салынмакчы. Плотинанын бийиктиги 256 метр болору айтылууда. Суу сактагычтын көлөмү 5,4 миллион куб метр болмокчу. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоорго жумшалган каражаттын суммасы 2,9 миллиард долларга чыгат деп болжолдонууда.
Объект өзүн-өзү 12 жылда актай тургандыгы айтылат. Тактап кете турган маанилүү учур, мында CASA-1000 долбоору эске алынат. Электр төрт мамлекеттин — Кыргызстандын, Тажикстандын, Афганистандын жана Пакистандын аймагынан өтмөкчү. Долбоор Борбор Азия мамлекеттерине өндүрүштөн электр кубатын чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Камбар-Ата-1 ГЭСин башында "Интер РАО" ишканасы кура турган болгон. Бул боюнча макулдашууга 2012-жылы кол коюлган. Анткен менен ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Россия долбоор боюнча милдетин аткара албастыгын айтып, эки макулдашууну жокко чыгарган. Экинчиси Жогорку Нарын каскады боюнча эле.
Ал эми 2017-жылы Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Камбар-Ата ГЭСи боюнча долбоорго катышууга макул экендигин билдирген жайы бар. Бирок биринчи же экинчи станциянын кайсынысы экендигин так айткан эмес.
Былтыр президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна инвестициялык долбоор тартуу тууралуу келишимге кол коюлган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2022
Жапаров АЭС боюнча оюн айтып, энергетикалык кризистен чыгуу жолун сунуштады
Жаңылыктар түрмөгү
0