Кыргызстанда жол кырсыктан жылына 700дөн ашуун адам көз жумат

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыганан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыганан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
2020-жылы өлкөнүн аймагында 6 126 жол кырсык катталып, анын кесепетинен 9 227 адам жаракат алган.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстанда жолдо болгон автокырсыктардан жылына 700дөн ашуун адам набыт болот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында камтылган.
2020-жылы 6 126 жол кырсык катталып, анын кесепетинен 9 227 адам жаракат алган. Тилекке каршы, 754 киши каза болгон, анын ичинен 93ү жаш балдар. Мас болуп рулга отуруп кырсыктагандар жалпы эсептин 8,4 пайызын түзөт.
2016-жылдан берки статистикага салыштыра турган болсок, автокырсыктардын саны 5 868ден 6 663кө чейин жеткен. 2016-2017-жылдары жолдо жүрүп ажал тапкандар 900дөн ашкан. Өлгөндөрдүн саны 2018-жылы азайып 716ге чейин түшүп, 2019-жылы 759ду түзгөн.
Милиция кызматкерлери Бишкектин көчөсүндө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жаңы жыл күнү кандай кылмыштар катталды. ИИМдин статистикасы
Жаңылыктар түрмөгү
0