Жерди көздөй эки астероид учуп келе жатат. Алар канчалык кооптуу?

© Фото / Pixabay / Родион ЖуравлёвАстероид. Иллюстративдик сүрөт
Астероид. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жазылуу
2013 YD48 деп аталган биринчи астероиддин көлөмү Лондон шаарындагы айтылуу Биг-Бен имаратындай, экинчи 7482 YD48 астероидиники Нью-Йорк шаарындагы Эмпайр-стейт-билдинг имаратынан эки эсе чоң.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Өтө кооптуу болушу мүмкүн делген эки астероид Жерди көздөй учуп келе жатат. Бул тууралуу NASA уюмуна шилтеме берип The Sun гезити жазды.
2013 YD48 деп аталган биринчи астероиддин көлөмү Лондон шаарындагы айтылуу Биг-Бен имаратындай, экинчи 7482 YD48 астероидиники Нью-Йорк шаарындагы Эмпайр-стейт-билдинг имаратынан эки эсе чоң.
Туурасы 104 метр келген 2013 YD48 астероиди Жерди 5,6 миллион чакырым аралыкта 11-январь күнү жандай өтөт. Ал эми 1994 PC1 астероиди 18-январь күнү 1,9 миллион чакырым алыстыкта өтөт.
"Космостук эрежелер боюнча, бул аралык өтө жакын деп эсептелет. Анткен менен NASA окумуштууларын жакында 100 жылда Жерге бир дагы астероид олуттуу коркунуч келтире албайт деп божомолдоп жатышат", — деп айтылган кабарда.
Мурдараак NASA космоско астероиддерди талкалай турган аппарат учурганы, тагыраагы, Falcon 9 ракетасы космоско 600 килограммдык зондду алып чыгып кеткени кабарланган.
От чачып, айлананы солк эттире асманга көтөрүлгөн ракета. Байкоңурдагы видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
От чачып, айлананы солк эттире асманга көтөрүлгөн ракета. "Байкоңурдагы" видео
Жаңылыктар түрмөгү
0