Кыргызстандын эки шаарында жаңы жылдык балатылар өрттөндү. Видео

© Фото / пресс-служба МЧС КР Базар-Коргондо балатынын өрттөн кийинки кесепети
 Базар-Коргондо балатынын өрттөн кийинки кесепети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жазылуу
Кара-Көлдө балаты жаңы жылдын алгачкы мүнөттөрүндө өрттөнсө, Базар-Коргондо 31-декабрда эле күйгөн.
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл жана Базар-Коргон шаарларындагы жаңы жылдык балатылар өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Кара-Көлдөгү балаты 2022-жылдын алгачкы мүнөттөрүндө өрттөнүп, куткаруучулар окуя болгон жерге 00:19да барып, тилсиз жоо 14 мүнөттө токтогон.
Ал эми Базар-Коргондо балаты 31-декабрда таң эрте чыгып, өрт өчүрүүчүлөр саат 05:49да окуя болгон жерге барып, үч мүнөттө өчүргөн.
Жаңы жылдык балаты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Тараз шаарында жаңы жылдык балаты өрттөнүп кетти. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0