Бишкектеги кампадан чыккан ири өрттөн бала бакчанын чатыры да күйгөн

© Sputnik / Табылды Кадырбеков =Бишкектеги Тимирязев көчөсүндөгү кампадан чыккан ири өрттү өчүрүү учурунда
Бишкектеги Тимирязев көчөсүндөгү кампадан чыккан ири өрттү өчүрүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.12.2021
Жазылуу
Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес. Өрттүн себеби такталып жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкектеги Тимирязев көчөсүндөгү кампадан чыккан ири өрттөн жанындагы бала бакчанын чатыры да күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, кечээ, 21-декабрда, Жибек Жолу проспектиси менен Тимирязев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан күйүүчү май сакталган кампа өрттөнгөн.
"Өрт кампанын жанындагы үйлөргө да өтүп, курулуш чарбанын, үйдүн жана бала бакчанын чатыры күйгөн", — деп айтылат маалыматта.
Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес. Өрттүн себеби такталып жатканы кошумчаланды.
Бишкектеги ири өрт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Бишкектеги күйүүчү май сакталган кампадагы өрттүн асмандан көрүнүшү
Жаңылыктар түрмөгү
0