Таш кулатылат. Боомдун жолу төрт күн бою маал-маалы менен жабылат

© Sputnik / Табылды КадырбековБоом капчыгайында жолдо бараткан унаа. Архив
Боом капчыгайында жолдо бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
Мындай аракет автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалып, беш күнгө уланары күтүлүүдө.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. 25-29-октябрь күндөрү Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) кулоо коркунучу бар таштар атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдирди.
Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Таш кулатуу иштери күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери тарабынан маал-маалы менен жабылып турмакчы.
Унаа жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт.
"30-40тан ашуун автотранспорт топтолуп калса иштер токтотулуп, жол убактылуу ачылат", — деп айтылат маалыматта.
Мындай аракет автоунаа жолуна таш кулап кетүү кооптуулугун алдын алуу максатында жасалууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0