Үйдөгү олимпиададан чегирткеге чейин. Стенин атындагы сынактан 14 мыкты сүрөт
Үйдөгү олимпиададан чегирткеге чейин. Стенин атындагы сынактан 14 мыкты сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Андрей Стенин атындагы фотожурналисттердин эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн сынактагы мыкты эмгектерди... 22.10.2021, Sputnik Кыргызстан
Быйылкы жылы калыстар тобу 70 өлкөдөн келген 4,5 миң сүрөттү сындан өткөрүштү. Фотожурналисттер пандемия шартындагы жашоону, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, АКШдагы массалык нааразылык акцияларын, Олимпиаданы, тарыхый чыр-чатактарды жана сүйүү темаларындагы сүрөттөрдү тартышкан.Гран-прини жана байгелүү орундарга жетишкендердин тизмесин жарыялоо салтанаты сынакты уюштурган "Россия сегодня" медиа тобунун мультимедиалык пресс-борборунда онлайн режиминде өттү."Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев сүрөттөр бүгүнкү күндүн эң чынчыл, консервативдүү искусствосу болуп калганын белгиледи.Андрей Стенин атындагы сүрөт кабарчыларынын эл аралык сынагы 18 жаштан 33 жашка чейинки фоторепортёрлордун арасында жыл сайын өткөрүлөт. Бул жаш фотографтарды колдогон, алардын атын дүйнөгө тааныткан эл аралык аянтча."Россия сегодня" агенттигинин фотокорреспонденти Андрей Стенин 2014-жылдын 6-августунда Украинанын чыгышындагы согуштук окуяларды чагылдырууда каза болгон.
Андрей Стенин атындагы фотожурналисттердин эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн сынактагы мыкты эмгектерди көрүңүз.
Быйылкы жылы калыстар тобу 70 өлкөдөн келген 4,5 миң сүрөттү сындан өткөрүштү. Фотожурналисттер пандемия шартындагы жашоону, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин, АКШдагы массалык нааразылык акцияларын, Олимпиаданы, тарыхый чыр-чатактарды жана сүйүү темаларындагы сүрөттөрдү тартышкан.
Гран-прини жана байгелүү орундарга жетишкендердин тизмесин жарыялоо салтанаты сынакты уюштурган "Россия сегодня" медиа тобунун мультимедиалык пресс-борборунда онлайн режиминде өттү.
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев сүрөттөр бүгүнкү күндүн эң чынчыл, консервативдүү искусствосу болуп калганын белгиледи.
"Сүрөттү тартуу үчүн кадрга түшө турган каармандын жанында болуш керек. Бул согуш жүрүп жаткан чак же ар кандай чыр-чатактар учуру болушу мүмкүн. Биздин Андрей Стенин да дүйнөнүн дээрлик бардык кооптуу аймактарына жете алган", — деген Киселев.
Андрей Стенин атындагы сүрөт кабарчыларынын эл аралык сынагы 18 жаштан 33 жашка чейинки фоторепортёрлордун арасында жыл сайын өткөрүлөт. Бул жаш фотографтарды колдогон, алардын атын дүйнөгө тааныткан эл аралык аянтча.
"Россия сегодня" агенттигинин фотокорреспонденти Андрей Стенин 2014-жылдын 6-августунда Украинанын чыгышындагы согуштук окуяларды чагылдырууда каза болгон.
Стенин атындагы сынакта Индонезиядан келген фотограф Жошуа Ирвандинин (Joshua Irwandi) "COVID-19: адам баласынын куну" аталыштагы сүрөтү "Башкы жаңылыктар. Жалгыз эмгек" номинациясында биринчини алды
"Башкы кабарлар" номинациясындагы мыкты серия катары индиялык Чандан Ханнынын "Жарака" аттуу эмгеги болду. Анын фоторепортажында АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө карата уюштурулган нааразычылык акциясы чагылдырылган
Кытайлык фотограф Чан Сюянын "Жазга лыжа менен" аталыштагы сүрөтү Стениндин ысымындагы сынактын "Менин планетам, жалгыз эмгек" категориясында биринчини алды
Калыстар тобу индиялык Шарафат Алинин "Кашмир: күмөндүү мурас" аталыштагы эмгегин "Портрет. Биздин замандын каарманы" номинациясында мыкты серия деп атады
Андрей Стенин ысымындагы сынактын "Менин планетам, жалгыз эмгек" категориясында калыстардын атайын баасына арзыган бангладештик Рафид Ясардын "Бактылуу фермер" аталыштагы сүрөтү