00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бийлик ТЭЦти тейлейт делген Hampton Resources Limited боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ТЭЦинин кызматкерлери. Архив
Бишкек ТЭЦинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Казакстандык компания жеткире турган көмүр экологияга анчалык зыян келтирбеси жана каражатты үнөмдөөгө шарт түзөрү айтылууда.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасы казакстандык Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүшү керек деп министрлер кабинети жарыялаган тескеме тууралуу КР президентинин администрациясы түшүндүрмө берди.
Анда маселенин таржымалы айтылган.
Маалыматка караганда, Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри болуп турганда Экология боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова менен биргеликте Казакстандын Караганда облусуна иш сапары менен барып, ал жакта иштеп жаткан көмүр шахталары жана байытуучу комбинаттардын ишмердүүлүгү менен таанышкан.
Андан соң борбордук ТЭЦте аталган компания сата турган КО үлгүсүндөгү 7 миң тонна көмүр сыноо иретинде күйгүзүп көрүлүп, жыйынтыгы боюнча Энергетика жана экономика илим-изилдөө институту корутунду берген. Анда бул көмүр экологиялык кырдаалга оң таасир тийгизери айтылган.
Администрациядан түшүндүрүшкөндөй, төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр пайда болот:
  • электр энергиясын иштеп чыгууну жылына 1,2 миллиард киловатт-сааттан 6,0 миллиард киловатт-саатка чейин көбөйтүү;
  • электр энергиясынын өздүк наркын киловатт-саатына 3,93 сомдон 1,75 сомго чейин жана гигакалориясын жылуулук үчүн 900-945 сомго чейин төмөндөтүү;
  • Бишкек ТЭЦиндеги 4,5 миллиард сом өлчөмүндөгү жылдык чыгымдарды жокко чыгаруу жана жылына 1,1 миллиард сомдон кем эмес киреше алуусун камсыздоо. Мындан сырткары, станцияны өзүн-өзү актоого жана өзүн-өзү каржылоого чыгарууга мүмкүн болот;
  • Бишкек шаарынын ТЭЦинин агрегаттарын жогорку натыйжалуу жабдууларга жаңыртууга инвесторлорду тартуу;
  • ыш көйгөйүн чечүүгө көмөктөшөт, бул экологияга оң таасир этет.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Facebook тармагындагы баракчасына Кыргызстандын министрлер кабинети "Электр станциялары" ишканасын Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү, буу казандарын жана башка жабдууларын карап иштетүү үчүн Hampton Resources Limited жеке компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирди деп жазган.
Көмүр кампасында экскаватор иштөө учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?
Аны менен катар депутат өкмөттүн тескемесинин сүрөтүн жарыялаган. Эске салсак, 30-январда Hampton Resources Limited компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал учурда вице-премьердин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Өкмөт үйүндө аларды кабыл алган. Аталган компания энергетикалык сектордо, тагыраагы, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндө ЖЭБдер жана буу казандар үчүн көмүрдү кайра иштеп чыгууда масштабдуу реформаны сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0