Скрипалдардын иши: Британия күнөөнү жок генералга оодарууда

© Sputnik / Алекс Макнотон / Медиабанкка өтүүСолсберидеги Скрипал ууланган жерлерди тазалоо. Архив
Солсберидеги Скрипал ууланган жерлерди тазалоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Улуу Британия өкмөтү ушу кезге чейин бир да далил көрсөтө элек, Россиянын экспертиза өткөрөлү деген бир топ сунушун четке кагып, РФ дипломаттарын Скрипалдар менен жолуктурбай жатат.

ЖМКлар жазган маалыматта, "Улуу Британиянын прокуратурасы Скрипалдардын ууланышы боюнча үчүнчү катышуучуга айып такты" деп жазылат. Бул Сергей Федотов аттуу киши имиш. Бирок чындыгында ал Федотов да эмес. Чуулуу ишке көз чаптырган Виктория Никифорованын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

2018-жылы Англиянын Солсбери жана Эймсбери деген чакан шаарларында бир нече киши белгисиз затка ууланганын эскерте кетели. Алардын ичинде Россиянын эки жаранын кошкондо бир полиция кызматкери, Эймсберинин эки тургуну жана Солсбериден бир аял болуп алты киши бар эле. Баары айыгып, солсберилик аял көз жумган.

Эймсбери да, Солсбери да атагы чыккан Портон-Даун аскердик биолабораториясына жакын. Бул жакта планета боюнча кооптуу делген химиялык жана биологиялык заттар сакталып турат. Мисалы, окумуштуулар рицин сыяктуу уу менен иштешет, жакында эле ага каршы зат ойлоп табышты.

Портон-Даун адамдарга эксперимент жасаганы менен таанымал болгон. Согуштан кийин илимпоздор дароо эле Германиядан уунун, химиялык жана биологиялык куралдын түрүн алып чыгып кетип, тажрыйба жүргүзө башташкан.

Экспериментке негизинен англиялык аскерлер пайдаланылган. Аларды газ камерасына камап, терисине уулуу заттарды тамчылатышкан. Жоокерлердин көрүүсү, угуусу начарлап, денеси чыдатпай ооруп, тырышып калганы айтылат.

1953-жылы тажрыйба жүргүзгөндөр учкуч Рональд Мэддисондун колуна ошондой заттардын бирин тамызып, натыйжада ал өлүп калган. Сот бул өлүм кокустуктан улам болду деген тыянак чыгарган. Мындай көрүнүштөрдү британиялык тарыхчы Роб Ивенс "Газга уулангандар: Портон-Даундагы адамдарга жасалган аскердик-химиялык тажрыйбалар" деген китебинде кенен чагылдырган эле.

Британиялыктардын экспериментине миңдеген адам катышууга аргасыз болгон. Мындай таң калычтуу тажрыйбалар дээрлик 1989-жылга чейин токтогон эмес.

Саясатчы Алексей Навальный - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Уурдалган миллиарддар. АКШда Жемкорлукка каршы фондунун клону түзүлгөн. Иликтөө
1960-жылдары Британиянын Коргоо министрлиги Лондондун жер алдындагы өтмөктөрүндө биологиялык курал колдонуу менен чабуулду симуляциялап келген. Мында күйдүргүнүн зыянсыздандырылган спораларын тальк менен аралаштырып, вентиляциялык системадан чачкан да метро станцияларына кантип жайылып жатканына байкоо салышкан. Албетте, бул тууралуу лондондуктарга эскертилген эмес.

Өлкөдө уулуу заттардын агып чыккан кооптуу учурлары байма-бай болуп келген. 1978-жылы болгариялык диссидент Георгий Марковду Лондондун чок ортосунан эле рицин менен ууландырышкан. 2002-жылы кайсы бир террорчулардан зариндин синтези үчүн тийиштүү компоненттер табылган эле.

2006-жылы Пикадиллиде полоний изи аныкталып, Англия бийлиги тез аранын ичинде "Литвиненко ишин" токуй салышкан болчу.

Негизи англичандар уулуу зат менен иштөөдө көп эле калпыстык кетирет. Мындан улам Портон-Даундун айланасындагы адамдардын байма-бай ууланып жатышы андай деле таң калычтуу көрүнүш эмес.

Бирок 2018-жылы Солсбериде уулангандардын арасында мурунку советтик чалгынчы, саткын Сергей Скрипаль менен кызы Юлия да болгон. Анан башталды. Британиянын үгүт машинасы "Скрипалдарды орустар өлтүрүүгө аракет жасады" деген идеяны элдин кулагына куюуга катуу далалат кылды.

Атасы сатып кеткени үчүн, кызы жөн эле ууландырылган имиш. Ошондон тарта "Скрипалдардын иши" деген аталыш пайда болду.

Окуядагы дал келбестиктерди санап бекер. Анткени айтылгандарды төгүндөгөн сайын буга көбүрөөк көңүл бурган сыяктуубуз. Андан көрө бул окуя британиялыктардын башка бир чагымчылдыгына канчалык окшош экенин карап көрөлү.

Пьер Ришар катышкан француздардын "Укол зонтиком" деген күлкүлүү тасмасы бар эле. Фильм диссидент Марковдун өлүмүнө байланышкан окуяны эркин кайталап айтып берет.

1978-жылы болгариялык атайын кызматтын өкүлү чаламандын чак түшүндө Марковду Ватерлоо көпүрөсүнөн тосуп алып рицин сүйкөлгөн кол чатыр менен бир сайган деген версия жайылган. Бечара диссидент дал ушул себептен британиялык дарыгерлердин жан далбасына карабай кете берген. Англиянын атайын кызматы, Скотленд-Ярддын кызматкерлери канча аракет кылса да бул версияга далил таба алган эмес.

Түндүк агым – 2 газопроводу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Европа россиялык газдан баш тарта алабы? Сереп
2013-жылы Марковдун өлүмү боюнча иш далилдин жоктугунан улам токтотулган. Ал эми болгариялык тергөөчү дарыгерлер диссидентти аша чаап дарылап салышканын айтып тим болгон.

Кандай болгон күндө да бул фейк ушу күнгө чейин интернет айдыңында айтылып, болгариялык жана советтик атайын кызматтарга каршы үгүттүн негизи болуп келет. Уламыштын бир версиясында СССРдин КГБсы болгариялык кесиптештерине жардам берген деп айтылат.

20 жыл бою Марковдун өлүмү боюнча англиялыктардын көз карашына болгариялык журналист-иликтөөчү Христо Христов таасир этип жүрдү. Улам жаңы китеп чыгарып, КГБнын архивин ачууну талап кылып, коммунизмге каршы күрөшүп, айтор, болушунча аракет кылды.

Бирок 2013-жылы бул окуя боюнча айтып-дей турган сөз түгөндү окшойт. Христовдун китептери окулбай, Марковдун ким экени деле эстен чыкты. Славяндык күч түзүмдөрү тууралуу теманы "кызытуу" керек эле.

Анан эле англиялык атайын кызматтын көзүн караган "көз карандысыз журналист" Христо Христовду мекендеши, адашы, жашташы Христо Грозев алмаштырды.

Грозев Христовдун риторикалык ыкмаларынын баарын пайдаланып, керек болсо андан эки таш ашып түштү. Элге улам бир кызыктын башын кылтыйта берип гана коомдогу ордун сактап кала аларын ал жакшы түшүндү.

Анын үстүнө архив менен иштеп, кол жазмаларга баш оорутуп кереги жок болду. Мария Захарова "ушак аспабы" деп атаган Bellingcat ыкмасы менен Грозев киши суктангыдай тездик менен фейктерди жаадыра баштады.

Алгач бул Петров менен Баширов эле, туурасы Чепига менен Мишкин. Негизи алар ГРУдан болчу. Ушулар Скрипалдарды ууландырышты. Ага чейин Чехословакияда кампаны жардырып жиберишкен.

Балкан тоолорунда жүрүп, россиялык оппозиция менен көп жакшы эмес иштерди жасап келишкен. Болгарияда дагы бирөөлөрдү ууландырышкан. Ортодо бир үлпөт тойдо болуп, кайсы бир генерал менен сүрөткө түшүшкөн. Эмне үчүн полковник эмес генералбы? Ай, сүйлөп жатканда тоскоол болбогулачы!

Ошо, тойго генерал келиптир, ал дагы ГРУдан экен. Скрипалдарды ууландырууга ошол генерал да катышыптыр. Бирок эч качан Солсбериге басып келген эмес экен.

ШКУ мамлекеттеринин жогорку сот жыйынына даярдык. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Россия менен Кытай Азияны өзгөрттү, Америка андан ажыроодо
Атыбы? Аты Сергей Федотов. Башкача айтканда, Денис Сергеев. Же Сергей Денисовбу, айтор, ушундай иши кылса.

Мына ушул фейк адам, бар экени эч тастыкталбаган киши "үчүнчү шектүү" болуп чыкты. Дал ушул кишиге Улуу Британия прокуратурасынын сөзү бар имиш. Чын-чынына келгенде Скрипалдардын окуясы боюнча россиялык эмес Британия бийлигине суроо көп.

Бир карасаң алгач атасы менен кызы уулуу заттын агып чыгышынан жабыркап, же Портон-Даун адистеринин кайсы бир экспериментине туш болуп калып калгандай. Ооруканага түшүп, андан соң таптакыр дайындары жок болуп кеткен.

РФ жараны Юлия Скрипаль бир эле жолу камерадан көрүнгөн эле, аябай коркуп калгандай түрү бар болчу.

Россия менен Улуу Британиянын жараны Сергей Скрипалды 2018-жылдын мартынан бери эч ким көрө элек. Эмне болду? Уурдап кетиштиби? Күчтөп кармап турушабы? Тирүүбү деги?

Кылмышын же кылмыштуу катачылыгын жашыруу максатында өлкө жетекчилиги Россияга каршы Bellingcat туура эмес маалыматтар кампаниясын баштап, далилдерди жогото баштады.

Скрипалдын үйү жок калды, чатырына чейин алмаштырып салышкан. Чалгынчынын мышыгын да күм-жам кылышкан, ал байкуш эмнеден жазганы белгисиз.

Улуу Британия өкмөтү ушу кезге чейин бир да далил көрсөткөн жок, Россиянын экспертиза өткөрөлү деген бир топ сунушун четке кагып, РФ дипломаттарын Скрипалдар менен жолуктурбай жатат, айтор, эл аралык иликтөөнүн бардык нормаларын бузууда.

Британия оппозициясынын лидери Жереми Корбин общиналар палатасында "Скрипалдардын ишин" туура эле сындап чыкты, ал эми маалымат катчысы аталган чагымчылык менен Колин Пауэлл Саддам Хусейндин химиялык куралы деп берген ак порошокту салыштырды.

Британ өкмөтү Скрипалдардын иши боюнча дүйнө коомчулугунун алдында эчак жооп бериши керек болчу. Баса, мышык жөнүндө суроо да ачык бойдон турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0