Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев дүйнө салды. Некролог

© Фото / сайт ОшГУВидный ученый Ташманбет Кененсариев
Видный ученый Ташманбет Кененсариев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Жазылуу
Кененсариев "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы түзүлгөн күндөн тартып манас таануу бөлүмүн жетектеп келген.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын манас таануу бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев 72 жашында дүйнөдөн кайтты. Тарых илими орду толгус жоготууга учураганын президенттин маалымат кызматы кабарлап, некролог жазды.
Кененсариев 1949-жылы 5-сентябрда Аксы районунун Кара-Суу айылында туулган. 1968-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктаган. 1978-1979-жылдары Москвадагы Ломоносов атындагы Мамлекеттик университетте стажер-окутуучу, 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу болуп иштеп, Москва мамлекеттик университетинин аспирантура бөлүмүндө окуп, кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Тарыхчы 1984-1985-жылдарда Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, 1985-1987-жылдарда Ош педагогикалык институтунда окутуучу, 1987-1989-жылдары аталган институттун тарых бөлүмүнүн башчысы, 1989-1993-жылдары Ош мамлекеттик университетинин тарых жана укук таануу факультетинин деканы, 1999-2003-жылдары жогоруда аталган окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору болуп иштеп, Ош мамлекеттик университеттин өнүп-өсүүсүнө чоң салым кошкон. 1998-жылы докторлук диссертациясын жактап, 1999-жылы профессорлук даражасын алган. Докторлук эмгеги Кокон хандыгынын тарыхына арналып, жаңы көз караштар менен бирге илимий жаңылыктарды киргизген.
Кыргыздын тунгуч музыка таануучусу, ардактуу профессор Балбай Алагушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Кыргыздын тунгуч музыка таануучусу Балбай Алагушев дүйнө салды
2006-2007-жылдары КР президентине караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору, Кыргыз-Россия славян университетинин проректору, 2008-2010-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, 2010-2013-жылдары Дипломатиялык академиянын 1-проректору, 2014-2019-жылдары Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору болуп иштеген.
Кененсариев "Манас" жана Ч. Айтматов улуттук академиясы түзүлгөн күндөн тартып манас таануу бөлүмүн жетектеп, Академиянын калыптануусуна, манас таануу илиминин өнүгүүсүнө бардык билимин, тажрыйбасын жана күч аракетин жумшап келген.
Кыргыз, орус, өзбек, түрк, англис, иран, кытай, немец, поляк тилдеринде илимий 17 монография, 3 окуу китеби, 18 окуу-усулдук курал, 350дөн ашык илимий макалаларды жазып чыгарган. Кененсариевдин жетекчилигинде 20га жакын кандидаттык илимий иштер корголгон.
Ташманбет Кененсариевдин эмгеги мамлекет жана дүйнөлүк коомчулук тарабынан да жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, Борбордук Азия Элдик академиясынын академиги жана Улуу Британиянын Эл аралык биографиялык борборунун "2005-жылдын Эң мыкты педагогу" деген наамдарына татыган. Даңк медалы менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0