Аңгектен качсаң дөңгөккө кептеп... Бишкек — Ош жолунан кейиштүү кадрлар

Жазылуу
Түндүк менен түштүк региондорун бириктирип турган жолдогу аң-чөнөктөр күн сайын көбөйүп жатат. Ал эми оңдоо иштери башталган тилкелер үч-төрт жылдан бери бүтпөй турат.

Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы Бишкек — Ош унаа жолунан тартып келген сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат.

Карантиндик постто турган ИИМ кызматкери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2021
Штаб: Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй жана Ош облустарына каттабай тургула
Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт. Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт.

"Сосновка" постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган. Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткенине күбө болдук.

Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп кеткен. Аң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрүүгө болот.

Мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка созулууда. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.

Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат.

Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен. Мындан улам чаң ызгып туман сымал жол астыңдан көрүнбөй калат.

Жол куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2021
Жапаров Балыкчы — Барскоон жолунун курулушун баштоону тапшырды
Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Жалал-Абад шаарынан чыккандан кийин Ошко чейин аң-чөнөктөр жок, асфальт бүтүн.

Таксисттер эгер Бишкек — Ош жолун жакшы билбегендер болсо, кырсыктан оолак болуу үчүн күндүз гана жолго чыгууну сунуштайт.

Жыйынтыктап айтканда, эгер өкмөттүн планы кынтыксыз аткарылса, айдоочулардын түйшүгү жеңилдеп, түз жол менен каттап кылат. Ага чейин абайлап, этияттык менен жүрүү талап кылынат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирип жатат
Бишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирип жатат - Sputnik Кыргызстан
1/14
Бишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирип жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековАйдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат
Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат - Sputnik Кыргызстан
2/14
Айдоочуларды түйшүккө салган шагыл жол шаардан чыгып Сокулук районуна киргенде эле башталат
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт
Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт - Sputnik Кыргызстан
3/14
Бишкек — Кара-Балта жолун оңдоо иштери 2017-жылы башталган, анын узундугу 52,5 чакырымды түзөт
© Sputnik / Табылды КадырбековЖакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт.
Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт. - Sputnik Кыргызстан
4/14
Жакында эле министрлер кабинети 2022-жылдын октябрында оңдоп бүтөрүн билдирди. Бул кыргыз өкмөтү бир жылда 10 чакырым гана жол сала аларын айгинелейт.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Сосновка" постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган
Сосновка постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган - Sputnik Кыргызстан
5/14
"Сосновка" постунан өтүп Төө-Ашууга чыгып бараткан жолдо бирин-серин аң-чөнөктөр пайда боло баштаган
© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуунун чыга беришинде Замир Мамасалиевдин жүк ташуучу унаасы бузулуп 13 сааттан бери турганына күбө болдук. Ал Бишкектен керектүү тетигин алдырса туура келбей калып, кийинкисин күтүп отуруптур.
Төө-Ашуунун чыга беришинде Замир Мамасалиевдин жүк ташуучу унаасы бузулуп 13 сааттан бери турганына күбө болдук. Ал Бишкектен керектүү тетигин алдырса туура келбей калып, кийинкисин күтүп отуруптур. - Sputnik Кыргызстан
6/14
Төө-Ашуунун чыга беришинде Замир Мамасалиевдин жүк ташуучу унаасы бузулуп 13 сааттан бери турганына күбө болдук. Ал Бишкектен керектүү тетигин алдырса туура келбей калып, кийинкисин күтүп отуруптур.
© Sputnik / Табылды КадырбековУзундугу 3 чакырымды түзгөн Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткен
Узундугу 3 чакырымды түзгөн Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткен - Sputnik Кыргызстан
7/14
Узундугу 3 чакырымды түзгөн Хусейин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жол да бузулуп кеткен
© Sputnik / Табылды КадырбековАл эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп калган
Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп калган - Sputnik Кыргызстан
8/14
Ал эми Төө-Ашуунун түштүк тарабына өткөндө айдоочулар айла жок сөгүнөт, себеби жолдун ар жери оюлуп калган
© Sputnik / Табылды КадырбековАң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрө аласыз.
Аң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрө аласыз. - Sputnik Кыргызстан
9/14
Аң-чөнөктөн качып айдаганда автоунаа жылан сымал сойлоп бараткандай элес калтырат. Мындай көрүнүштү Суусамырдан чыкканга чейин көрө аласыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековМурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка узарды. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.
Мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка узарды. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди. - Sputnik Кыргызстан
10/14
Мурда жолго 10 саат убакыт кетсе, азыр 13 саатка узарды. Мындан улам жеңил унааларда жол кире 1200дөн 1500 сомго кымбаттаган. Ал эми минивэндер 1000ден 1200 сомго көтөргөн. Буга күйүүчү майдын баасы өскөнү да таасир берди.
© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат
Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат - Sputnik Кыргызстан
11/14
Ала-Бел ашуусунан ары унаа зуулдаган бойдон кетет да Кочкор-Ата шаарына барып такалат
© Sputnik / Табылды КадырбековАйдоочулардын айтымында, кээ бир жерлерди жамоо үчүн төрт бурчтук кылып кесип кеткен, бирок дароо асфальт төшөп койбой көпкө калтырып коюшат. Караңгыда аны көрбөй, катуу барып түшүп калсаң дөңгөлөк жарылат, дисктер сынат.
Айдоочулардын айтымында, кээ бир жерлерди жамоо үчүн төрт бурчтук кылып кесип кеткен, бирок дароо асфальт төшөп койбой көпкө калтырып коюшат. Караңгыда аны көрбөй, катуу барып түшүп калсаң дөңгөлөк жарылат, дисктер сынат. - Sputnik Кыргызстан
12/14
Айдоочулардын айтымында, кээ бир жерлерди жамоо үчүн төрт бурчтук кылып кесип кеткен, бирок дароо асфальт төшөп койбой көпкө калтырып коюшат. Караңгыда аны көрбөй, катуу барып түшүп калсаң дөңгөлөк жарылат, дисктер сынат.
© Sputnik / Табылды КадырбековТранспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү пландалууда.
Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү пландалууда. - Sputnik Кыргызстан
13/14
Транспорт министрлиги Маданият — Жалал-Абад жолун оңдоого 2019-жылы киришкен. Анын узундугу 67 чакырым, 2022-жылдын аягына чейин куруп бүткөрүү пландалууда.
© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен.
Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен. - Sputnik Кыргызстан
14/14
Учурда Ноокен жана Базар-Коргон райондорунун аймактарында шагыл жолдон чаң сапырылып жатат. Кээ бир жерге суу себилсе, көпчүлүк бөлүгүнө себилбейт экен.
Жаңылыктар түрмөгү
0