Казакстан Тажикстанга бере турчу ок-дарынын жайын түшүндүрдү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКурал-жарак. Архив
Курал-жарак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2021
Жазылуу
Кыргызстан менен да ушундай эле келишимге быйыл 2-мартта кол коюлганы белгиленет. Бирок эки өлкөгө тең чек ара чыры чечилмейин жөнөтүлбөйт.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Тажикстанга аскердик жардам көрсөтүү Кыргызстан менен чек ара талашына байланыштуу эмес. Бул туурасында Sputnik Казакстан өлкөнүн Коргоо министрлигине таянуу менен жазды.
Россия президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Путин Кыргызстан менен Тажикстанга ортомчу болууга даяр
Ошондой эле Кыргызстан менен да ушундай эле келишимге быйыл 2-мартта кол коюлганы белгиленет.
"Аталган келишимдер Кыргызстан менен да, Тажикстан менен да эки өлкөнүн ортосундагы чек ара талашы чыкканга чейин кол коюлган. Аскердик-техникалык жардам көрсөтүү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы жаңжалды өрчүтүү максатын көздөбөйт. Бул келишимдер эл аралык коалиция аскердик контингентин Афганистандан чыгарып кетүүнү пландап жаткан маалда түзүлгөн", — деп билдирген Казакстандын Коргоо министрлиги.
Мындан сырткары, министрлик аскердик-техникалык каражаттар кырдаал турукташып, карама-каршылыктарды жөнгө салуу боюнча келишимдер түзүлгөндөн кийин гана Кыргызстан менен Тажикстанга жөнөтүлөрүн жазган.
"Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге ылайык, ЖККУ өлкөлөрү бири-бирине күч колдонуп же кысымга албашы керектигин белгилейбиз. Бул уюмга Кыргызстан менен Тажикстан кирген", — деп жазылат билдирүүдө.
Андыктан аскердик-техникалык жардамды эки өлкө тең чек ара чыры чечилмейин колдоно албай турганы айтылат.
Буга чейин жарыяланган келишимдин текстинде Казакстан Тажикстанга төмөнкүлөрдү берери жазылган:
  • 5,45-миллиметрлик ок — 3 миллион 240 даана;
  • 23-миллиметрлик ок — 20 миң 76 даана;
  • 82-миллиметрлик снаряд — 10 миң даана.
Жаңылыктар түрмөгү
0