https://sputnik.kg/20210120/talant-omurbekov-pnevmoniya-oorukanaga-tushtu-1051166679.html
Эки тараптуу пневмония. Балдар хирургу Талант Өмүрбеков ооруканага түштү
Эки тараптуу пневмония. Балдар хирургу Талант Өмүрбеков ооруканага түштү
Sputnik Кыргызстан
Инфекциялык оорукананын жетекчисинин айтымында, Өмүрбеков ооруканага кечээ, 19-январда, таңкы саат 05.00дөр чамасында алып келинип, дароо жандандыруу бөлүмүнө... 20.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-20T12:07+0600
2021-01-20T12:07+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
талант өмүрбеков
гүлжигит аалиев
оорукана
реанимация
пневмония
https://sputnik.kg/img/103063/98/1030639874_2115:449:5622:2433_1920x0_80_0_0_eef41006527ca1d7f593d29c9261ace4.jpg
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын балдар хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмонияга кабылып Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түштү. Маалыматты Sputnik агенттигине аталган оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев тастыктады.Анын айтымында, Өмүрбеков ооруканага кечээ, 19-январда, таңкы саат 05.00дөр чамасында алып келинген.Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103063/98/1030639874_0:0:6016:3780_1920x0_80_0_0_52ac287eef582a04f591c03dc85ecbd9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, талант өмүрбеков, гүлжигит аалиев, оорукана, реанимация, пневмония
жаңылыктар, коом, кыргызстан, талант өмүрбеков, гүлжигит аалиев, оорукана, реанимация, пневмония
Эки тараптуу пневмония. Балдар хирургу Талант Өмүрбеков ооруканага түштү
12:07 20.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Инфекциялык оорукананын жетекчисинин айтымында, Өмүрбеков ооруканага кечээ, 19-январда, таңкы саат 05.00дөр чамасында алып келинип, дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын балдар хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмонияга кабылып Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түштү. Маалыматты Sputnik агенттигине аталган оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Анын айтымында, Өмүрбеков ооруканага кечээ, 19-январда, таңкы саат 05.00дөр чамасында алып келинген.
"Оор акыбалда келди. Дем алуусу кыйындап жатыптыр. Дароо реанимация бөлүмүнө жаткырдык. Керектүү дары-дармектерди алууда. Абалы турукташып калды десе болот, бирок жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев.
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.