Кыргызстандагы COVID: дагы төрт киши ооруну жеңе албай калды

© AFP / YURI CORTEZМедициналык кызматкерлер. Архив
Медициналык кызматкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жугуштуу оорудан каза тапкандар борбор калаа Бишкекте жана Ысык-Көл менен Баткен облустарында дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан төрт бейтап каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, көз жумгандардын экөө Бишкек шаарында, бирөө Ысык-Көл облусунда жана дагы бирөө Баткен облусунда дарыланып жаткан.

Жалпысынан өлкөдө жугуштуу ооруну жеңе албай калгандардын саны 1 266га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0