Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКыш мезгили. Архив
Кыш мезгили. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жумада көпчүлүк аймактарда кар жаап, бирок мурунку аптадагыдай катуу суук болбой турганы айтылды.

БИШКЕК, 29-ноя. – Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин күн ачык болот. Ал эми жума күнү мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан-чачын жаабайт. 2-3-декабрда Талас облусунун кээ бир райондорунда жана Чүйдүн тоолорунда кар жаайт. Ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. 4-декабрда көпчүлүк жерлерде мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Бишкектин ышка тумчуккан сүрөтүн Пригородное айылы тараптан кечээ, 25-ноябрда, жарандардын бири тартып алган - Sputnik Кыргызстан
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү
30-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-2-декабрда Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жааса, Баткен облусунда күн ачык болот. Ошондой эле Ош облусунун дыйканчылык аймактарында дагы жаан жаабайт.

3-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн. Эртең менен жана күндүз Жалал-Абад облусунун айрым аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар жаайт. Бирок Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күн ачык болот.

4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал.

Ысык-Көл облусу

30-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүзү күн ачык болот. 1-2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, 2-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 3-4-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы болжолдонууда.

Ал эми 30-ноябрда түнкүсүн Каракол шаарында кар жаайт, Чолпон-Атада күн ачык болот. 30-ноябрда күндүз жана 1-4-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусу

30-ноябрда жана 1-декабрда жаан жаабайт, ал эми 2-3-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 4-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

5-6-декабрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын жакындатылган божомолу

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жол тайгакта айдоочулар эсинен чыгарбай турчу 6 эреже
5-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы мүмкүн.

6-декабрда тоолуу жерлерге кар түшүп, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0