21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым

© Фото / Ассоциация социальных предпринимателейИшкер Саламат Бактыбек кызы
Ишкер  Саламат Бактыбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламат өзү тубаса буту ооруп төрөлсө да оптимист кыз. Жашоодо бирөөнүн колун караганды жаман көрөрүн айтып, ак эмгеги менен чакан бизнесин түптөп келе жатканына токтолду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги көпчүлүккө үлгү болчу 21 жаштагы Саламат Бактыбек кызы менен чакан маек даярдаган. Ишкер кыз кагаздан ажайып букет жасап, ишти жолго коюп алган.

Апамдан эрте ажырадык

Аксыда төрөлгөм, эки иним бар. Бирөө университетти аяктаса, кичүүсү айылда таятамдардын колунда 9-класста окуп жатат. Экөөнүн түйшүгү менин мойнумда. Беш жыл инимди жогорку окуу жайында окуттум, бирок окуусун бүткөндө Москвага кетип калды. Ызаландым, анткени иним экөөбүз тең окууга өтүп, шарттын жоктугунан инимди окусун деп мен университеттен чыгып кеткем. Окуу, батирдин акчасы жана тамак-аш үчүн баш көтөрбөй иштөөгө туура келди.

Ал эми атам менен катышпайм. Ал адам апама көп кордук көрсөткөндүгү менен эсимде калды. Апам мен 9-класста окуп жүргөндө 34 жашында каза болуп калган. Ошол убакта ал Москвада болчу. "Үй алам" деп иштеп жүргөн. Ага чейин чогултуп келген акчасына менин бутума операция жасатып, протез кийгиздирген. Бутумдун тубаса мандеми бар, себебин деле билбейм. Апам кийин Москвага кайра кетип кайтпай калды. Мүмкүн мен протез кийбегенде тирүү калат беле деп өзүмдү да күнөөлөп кетем. Андан кийин биз таене-таятамдын колунда өстүк.

© Фото / Ассоциация социальных предпринимателейЖаш ишкер Саламат: Апамдын көзү тирүүсүндө гүл алып бере албаганыма өкүнөөр элем. Башкалар апасына белек берип жатканын көрүп, "мен да апама белек сунсам" деп кыялданчу элем. Бир жолу колго жасалган гүлдөрдү интернеттен көрүп калып, апамдын бейитине алып баруу максатында чалып баасын сурасам, 4,5 миң сом турат экен. Албетте, акчам жеткен жок.
21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым - Sputnik Кыргызстан
Жаш ишкер Саламат: Апамдын көзү тирүүсүндө гүл алып бере албаганыма өкүнөөр элем. Башкалар апасына белек берип жатканын көрүп, "мен да апама белек сунсам" деп кыялданчу элем. Бир жолу колго жасалган гүлдөрдү интернеттен көрүп калып, апамдын бейитине алып баруу максатында чалып баасын сурасам, 4,5 миң сом турат экен. Албетте, акчам жеткен жок.

Түйшүккө эрте аралаштым...

16 жашымдан каникул маалында борборго келип-кетип өз алдымча акча таап, эмгектене баштадым. Алгач бирөөнүн колунда сатуучу болуп жүрүп соода-сатыкты үйрөндүм. Мектепти аяктап келгенде айылдан 200 миң сом насыя алып, косметика саткан чакан дүкөн ачып, ишим жакшы жүрүшүп кетти. Бир жылдай иштеген соң протезим сынып калып бутумду дарылатуу үчүн ооруканага жатып калдым. Негизи бир протезди эки жыл гана кийүү керек. Мен алмаштырууга шарт жок, үч жыл кийип коюптурмун. Ошентип жакшы болуп ооруканадан чыксам, ордумду башкалар тартып алыптыр. Эч нерсе кыла албай, үйдө отуруп аябай стресске кабылдым. Айылдагылардан тил угуп, насыянын калганын төлөй албай кыйналган күндөр болду. Ошондо өз жанымды кыюуну да ойлоп, бирок "мен өлсөм деле көмгөнгө 100 миңден ашык акча кетет экен. Карыздарымды таенеме калтырамбы? Кой, биринчи насыяны төлөйүн" деп өлбөй калгам (күлүп).

Ишкек Айканыш Ахматова - Sputnik Кыргызстан
Батиримди күрөөгө коюп кредит алганым чоң ката болду. Ишкер айымдын маеги
Ошол кезде бухгалтердик эсеп камтылган "1С" программасын үйрөнүп алганымдын көп жардамы тийди. Ал ортодо бир жылда бир өтүүчү долбоор катары эсептелген Социалдык ишкерлер мектебинен да окудум. Ошол жерден бизнесмен менен ишкердин айырмасын так ачып берген жакшы сабактар өтүлдү. Андан кийин кафелерде "1С" программасы менен менеджер, бухгалтер болуп иштеп жүрүп насыядан кутулгам.

Гүл жасап ишкерлик кылуума апама гүл берүү кыялым түрткү болду

Апамдын көзү тирүүсүндө гүл алып бере албаганыма өкүнөөр элем. Башкалар апасына белек берип жатканын көрүп, "мен да апама белек сунсам" деп кыялданчу элем. Бир жолу колго жасалган гүлдөрдү интернеттен көрүп калып, апамдын бейитине алып баруу максатында чалып баасын сурасам, 4,5 миң сом турат экен. Албетте, акчам жеткен жок. Ошондо кызыгуу пайда болгон. Бул өнөрдү Азиза деген нарындык эжеден үйрөнгөм. Андан гүл жасоого кеткен чыгымды, түшкөн пайдасын сурап өзүмчө эсептеп көрдүм. Байкасам, иштесе болчудай. Чакан долбоор жазып, демөөрчү издеп, фонддорду кыдырып, эки кайрымдуулук фонддон жыйырма миң сом акча алдым. Ошол акча менен иш башталды. Азыр "Фабрика Цветов" аттуу жеке ишканамды түптөп, аны жолго коюп келе жатканыма бир жарым жыл болду. Ар кандай кооздуктагы жана көлөмдөгү букет жасап, өзүбүз жеткирип беребиз.

© Фото / Ассоциация социальных предпринимателейСалаиат бактыбек кызы: кээ бир апалардын гүл алып көрбөгөнү билинип турат. Өзгөчө неберелеринен, балдарынан белек алган энелер толкунданып, сүйүнгөнүнөн ыйлаган учурлар көп болот.
21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым - Sputnik Кыргызстан
Салаиат бактыбек кызы: кээ бир апалардын гүл алып көрбөгөнү билинип турат. Өзгөчө неберелеринен, балдарынан белек алган энелер толкунданып, сүйүнгөнүнөн ыйлаган учурлар көп болот.

Мага жардам колун сунган белгилүү айым

Башында "Дордой" базарына гүл жасоонун материалдарын алуу үчүн 11 миң сом менен баргам. Кызыгып керектүү товарларды ала берип, эсептей келгенде 35 миң сом болуп кетти. Карыз болгум келбей, ашык товарларды калтырайын десем, сатуучулар мага ишенерин айтып, колума товарды карматып коюшту. Ошол акча мага стимул берди окшойт. Себеби карыздан коркуп калган жаным "кутулам" деп жанталашып иштегем. Кийинчерээк "Спорт сарайына концерт берели" деген бир ырчыларга алданып калдым. Ошондо абалымды Instagram баракчама жазгам. Досторум Анжелика эжени (ырчы Анжелика — ред.) кошуп белгилеп бөлүшүптүр. Ал дароо эле мага байланышып, төрт-беш күндөн кийин келерин айткан. Ишенген деле эмесмин. Келип видеого тартып кетти. Ага чейин бир жыл иштеп 9 миң катталуучу араң топтосом, Анжелика эже мага жолугуп кеткичекти эле катталуучулар 12 миңге жеткен. Кийин 160 миңге жеткирип берди.

Ошентип мурда бир айда 4 гүл сатсам, учурда бир күндө төрт гүл сатууга жетиштим. Кардарларым барган сайын көбөйүп баратат. Эң көп гүл сатканым ушул 8-мартта болду. Буюртма бергендерге 80 гүл сатып, кайрылгандардан 900 адамга гүл жетпей калды. Учурда кол алдымда тогуз кыз иштейт. Атайын курс ачып, баш-аягы отуз кызды окутуп, гүл жасоонун техникасын, иштөөнүн жолдорун үйрөттүм.

© Фото / Ассоциация социальных предпринимателейИшкер кыз: мурда бир айда 4 гүл сатсам, учурда бир күндө төрт гүл сатууга жетиштим. Кардарларым барган сайын көбөйүп баратат.
21 жаштагы ишкер кыз: апамдын бейитине гүл алып барсам деп жүрүп бизнес ачтым - Sputnik Кыргызстан
Ишкер кыз: мурда бир айда 4 гүл сатсам, учурда бир күндө төрт гүл сатууга жетиштим. Кардарларым барган сайын көбөйүп баратат.

Гүлдөрдүн баасы жана кардарлар...

Гүлдөр 1200 сомдон 7000ге чейин болот. Булардын баары атайын кагаздан жасалат. Андан сырткары тышкы кутуларын да сатып алып букетке ылайыктап даярдайм. Гүлдөрдүн баарынын материалы бирдей эле, болгону көлөмүнө жана жасалуу техникасына карап баасы бычылат. Мисалы, 101 розаны жасаганда эки түрү бар. Бирөө кадимки өскөн розага окшотуп жасоо. Ага эки-үч күн убактым кетип, төрт миң сомго сатылат. Ал эми экинчи түрүн төрт саатта жасап, эки саатта кооздоого болот.

26 жаштагы ишкер, эки бутиктин ээси Гулина Кадырова  - Sputnik Кыргызстан
Абдан кирешелүү! Ич кийим сатуудан ишкерликке жеткен Гулинанын баяны
Менин гүлдөрүмдү көбүнчө апаларга алышат. Кыздарга, жубайына алгандар деле бар. Бир жолу бир кызык окуя болгон. Италиялык жигит интернет аркылуу өз тилинде гүл сурап кат жөнөтүптүр. Экөөбүз интернеттен котормочу аркылуу эптеп түшүндүрүшүп, эки-үч саат сүйлөшүп буюртма алдым. Ал жигит кыргыз кызга ашык экен. Ошол кызга белек кылуу үчүн эң кымбат гүлгө буюртма берди. Мен ал гүлдү үч-төрт күн жасап, сүйгөн кызына жеткирип бердим. Бийкеч "...кылган белеги ушул элеби?" дегенсип мурдун чүйрүп койду. Аябай таң калып, тиги жигитке боорум ооруду. Кыздын эмне күткөнүн билбейм, бирок жигиттин жан далбасын баалаган да жок.

Ал эми кыргыздардан Европада иштеген мекендеш айымдар апаларына көп белек кылышат. Биздин кызматыбызга жеткирип берүү да кирет. Байкаганым, кээ бир апалардын гүл алып көрбөгөнү билинип турат. Өзгөчө неберелеринен, балдарынан белек алган энелер толкунданып, сүйүнгөнүнөн ыйлаган учурлар көп болот.

Кыялым...

Өзүмдүн үйүм болсо деп көп кыялданам. Анткени апам да ажырашкандан кийин эле бизге үй алып берүү үчүн Россияда иштеп жүрдү. Мен жашоого бир келген соң татыктуу жашап өткүм келет. Өз жолумда, өз арыгымды чаап, эч кимге көз каранды болбой, жасап жаткан ишимдин өтөсүнө чыксам дейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0