Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер апрелдин айлыгына нааразы. Министрлик эмне дейт

© REUTERS / MAXIM SHEMETOVСитуация в Москве из-за коронавируса
Ситуация в Москве из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлери чет мамлекеттен келгендерди текшерип 20 күндөй иштешсе да кошумча акча алышкан эмес.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкектеги үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгерлери апрелдин айлыгы аз чыгып кала турганына нааразы болуп Sputnik Кыргызстан агенттигине кайрылышкан.

Айрым себептерден улам кайрылган медицина кызматкерлери аттарын атабай эле коюуну өтүнүштү.

Депутат, торага Джалал-Абадского городского кенеша Мураталы Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Бир жарым айлык мээнет текке кетпесин! Жалал-Абаддын мэри элге кайрылды
Дарыгерлердин айтымында, алар Кыргызстандан коронавирус катталган учурда чет өлкөлөрдөн келген жарандардын үйлөрүн кыдырып, мобилдик топ түзүлгүчө 20 күн иштешкен. Бирок аларга мыйзам боюнча эч кандай кошумча акча төлөнүп берилбейт экен.

Эске салсак, буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылган. Жардам иретинде которулуп жаткан каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн 38,8 миллион сом берүү чечимин кабыл алган. Бул каражат коронавирус жуктуруп алган бейтаптар менен иштеген медицина кызматкерлерине кошумча акы катары төлөнөт.

"Коронавирус өлкөдө катталганда эле бизге чет мамлекеттен келген жарандардын үйүн кыдыртышкан. Эч кандай коргоочу кийим берилген эмес. Жыйырма күндөй иштегенден кийин "эми мобилдик атайын топ иштейт" деп бизди токтотушту. Кыдырбай калганда деле телефон менен иштеп жаттык. Бизге кошумча акча төлөнөрү айтылганы менен төлөп беришкен жок. Буга нааразы болуп министрликке кайрылганыбызда "силерге мыйзам боюнча төлөнбөйт, индикатор менен айлык аласыңар" деп коюшту. Ошону менен отуруп калдык. Биз коронавирус менен алыша берип, өз карамагыбыздагы бейтаптарга убакыт бөлө албай калганбыз. Ошол себептен индикаторубуз төмөн болуп, апрелде аз айлык ала турган болуп жатабыз", — деди Бишкектеги үй-бүлөлүк медициналык борбордун биринде иштеген врач.

Маалыматка караганда, ар бир жаран бир үй-бүлөлүк дарыгерге катталат. Үй-бүлөлүк врач бир ай ичинде кабыл алган өзүнө тийиштүү бейтаптардын санына жараша индикатор толтуруп, ошонун эсебинен айлыгы чыгат.

Редакция жогорудагы маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылды.

На блокпост Национальной гвардии Украины напали неизвестные - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте иштен алынган дарыгер куугунтукталып жатабы? Жетекчилиги эмне дейт
Аталган министрликтин Медициналык жардам уюштуруу башкармалыгынын башкы адиси Нургүл Ибраева учурда министрликтин электрондук форматтагы маалымат базасы программасын алмаштырып жаткандыгына байланыштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер айлыгын бир аз кечиктирип алышы мүмкүндүгүн билдирди.

"Биздин аудиттер бир эле бейтаптын эки врачка жазылып калып, мындан улам эки дарыгерге тең бир бейтап үчүн индикатор төлөнгөн учурларды таап чыгышкан. Ушуга байланыштуу финансисттер менен бирдикте электрондук саламаттыкты сактоо борборунун программасын кайра карап жатабыз. Ошол себептен үй-бүлөлүк дарыгерлер айлыгын бир аз кечеңдетип алып калышы мүмкүн. Бул убактылуу маселе, бирок карантин убагында иштеген индикаторуна жараша айлыгы толук төлөнүп берилет", — деди Ибраева.

Анын айтымында, токтом боюнча коронавирус инфекциясынын очогунда иштеп жүргөн дарыгерлерге кошумча акча төлөнөт.

"Учурда кээ бир медицина кызматкерлери кошумча акча алып калуунун айласы менен ар кандай сөздөрдү айтып жатышат. Министрликке чындыгында азыр кыйын болуп турат. Ар бир медициналык мекеменин жетекчилиги COVID-19 инфекциясы катталган очокто же өмүрүнө коркунуч келген аймакта иштеген медицина кызматкерлеринин тизмесин берүүдө. Аны документ менен так далилдеп, көргөзүп министрликке тапшырып жатышат. Буларга сөз жок төлөнүүдө. Ал эми тизмеде жок дарыгерлер, демек, оорунун очогунда иштешкен эмес. Эгер сиздерге кайрылган үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетекчилиги да ошол врачтардын тизмесин документи менен тапшырса, оорунун очогунда чын эле иштешкен болсо, кошумча акча берилет", — деди Ибраева.

Ал кошумчалагандай, учурда мобилдик топторго кошумча акча төлөнүп берилүүдө.

Sputnik агенттиги көтөрүлгөн маселеге мындан ары да көз салып турмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0