00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда виртуалдык активдер рыногу кандай көзөмөлдөнүп жатат?
11:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ачык, так жана ыкчам: уруктук чарбаларга дотация берүү механизми
13:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
От Рима до Вавилона: почему рабовладение стало основой экономики - беседа о социуме
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
От «Газводы» до арт-объекта: как обновляли исторический павильон «Ак-Суу»
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Балдарга китеп жазып эле эмес, эмгекчилдиги менен да үлгү болгон Сулайманов
17:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только
c Кубатом Рахимовым
18:06
0 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Эми спорттук медицина өнүгөт — “Мүрөк” борбору качан ачылат?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Деньги и наставничество: зачем Кыргызстану закон о венчурных инвестициях
20:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде халал продукциясын өз ара таануу системасы кандайча иштейт?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жигитине көз артпа. Курбу кыздар ортосундагы этикет

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik апта сайын этикет рубрикасынын алкагында ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эжерелери менен тааныштырат.

Эл арасында "аялдардын ортосунда чыныгы достук болбойт" деген кеп бар эмеспи. Анткен менен бир топ жылдан бери сырдашып, эже-сиңдидей болуп калган кыз-келиндер деле бар.

Бул жолу Sputnik Кыргызстан аялдар арасындагы достуктун сакталышы үчүн кандай эрежелерди кармана жүрүү керектигине кызыгып көрдү. Суроолорубузга этикет мугалими Нуржан Исмаилова жооп берди.

Өз оюңду таңуулаба

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Бири-бириңди сынап, кафеде орун талашпагыла. Кудалашуу маданияты
Достук түбөлүктүү болушу үчүн белгилүү бир чектен ашпай, курбуңа өз оюңду таңуулай берүүдөн алыс болгон жакшы. Мисалы, достун дагы өз жашоосу, шарты, үй-бүлө жана жакындарынын алдында милдеттери болот. Дайым эле сиз каалаган убакта жолугуп, сиз каалаган жерге бара албай калышы мүмкүн. Достун негизги милдети — түшүнүү жана колдоо. Эгер ал адамга экөөңөрдүн мамилеңер кымбат болсо, сизге дагы сөзсүз жакшылык менен жооп берет.

Жардам

Курбу жардам сураган учурда, колдон келип турса, баш тартпай эле койгон жакшы. Анткени ал адам сизге ишенгенинен кайрылып жатат. Бирок бул жардам сизге залакасын тийгизип коё турган болсо, болгонун болгондой түшүндүрүңүз. Чыныгы дос болсо, сиздин кызыкчылыгыңызга каршы иш кылбайт.

Сыр сактай бил

Эгер өз оозуңузга ээ боло албасыңызга көзүңүз жетсе, курбуларга "мага сырыңды айтпа" деп эртерээк эскертип койгон оң. Бул кийин анын жашырган нерсеси жайылып кетип, экөөңөрдүн чыр-чатагыңардын алдын алат.

Ушактаба, күнөөсүн далилдемейинче жемелебе

Айыл тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алган буюмду артыңан чуркатпай кайтарып бер. Кошуна-колоң этикети
Курбуңуздан канчалык шек санап жатсаңыз дагы, күнөөсү далилденип, же өзү мойнуна алгыча албууттанып беттен албаңыз. Ортодо көрө албастар, сөз ташыгандар болушу ыктымал. Бирок ал сизге туура эмес иш кылган күндө дагы анык себебин билүү керек. Балким, эки тараптан тең бирдей кетип калгандыр.

Ошондой эле достун артынан сүйлөп, анын кемчиликтерин бирөө менен талкуулоо жат көрүнүш. Башка адам менен ал тууралуу сүйлөшүп жатканда, курбунун бетине айта ала турган гана сөздөрдү сүйлөңүз. Андан ашыгы ушак болуп эсептелет.

Жигитине көз артпа

Идеалында курбулардын жигиттерге карата табити эки башка болгону жакшы. Бирок жашоодо болбой эле бир жигитти жактырып калган курбулар бар. Эгер достук кымбат болсо, курбунун жигитине же жолдошуна көз артпай эле койгон туура. Албетте, ортоңордо чыныгы, жалындаган сүйүү пайда болуп калса, экөөңөр бактылуу үй-бүлө болобуз деп көзүңөр жетип турса, башка кеп. Бирок күнүмдүк кызыкчылык үчүн эки жаштын ортосуна жарака кетирбей эле койгон туура.

Кек сактаба

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бетинин отун азайтпай... Кыргыз аялдары колдонуп келген сулуулук каражаттары
Кек сактоо менен достук эч качан бири-бирине дал келбей турган нерсе. Ары жакта жүрөк тилинип турса, кантип ал адам менен жылуу мамиледе болосуң? "Билдирбей жүрө берип, кези келгенде өч алам" деп ойлоп жүрсөңүз, анда достошуунун кандай зарылдыгы бар? Андан көрө капачылык болгон жерден дароо бетке айтып, себебин билип, маселени чечип алган туура.

Сатып кетпе

Себебин түшүндүрбөй деле койсок болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0