Тизгин жаяр
Келеңкер чачпак кең соору
Келини сулуу кыргыздын,
Кызыл көйнөк, кымча бел
Кыздары сулуу кыргыздын… – деп улуу баянда айтылгандай, кыргызда аялзатынын сымбатына, ажарына байыртан маани берилип келгени белгилүү. Бүлөдө кыз төрөлгөндөн баштап эле Үр кызындай чырайлуу, кермаралдай сымбаттуу кылып өстүрүүгө далалат жасалган. Кыздын көзү кызылда дегендей, кызыл-тазыл кийинтип, шуру мончогун тагып асемдүү баккан.
Кыздын ажарын арттырууга багытталган буюмдар
Кызым сулуу болсун деп күмүш чөйчөктөн суу берип, мойну узун болсун деп ала тамак таккан. Чачы кундуздукундай жалтылдап турсун үчүн айран менен жууп, ашыра эт албасын үчүн тамак-ашын айрыкча көзөмөлдөгөн.
Кыз-келиндин сулуулук каражаттары
Кыз-келиндүү ар бир үйдө саймаланып тигилген күзгү кабы болгон. Анын ичинде атыр самын, атыр чөп, упа-эндик сымал сулуулук каражаттары сакталган. Андан сырткары, кетечик деп аталган тик бурчтук же жарым тегерек калыптагы колтукка кыстарып алма баштыкча ар бир аялзатында болгон. Мончок бастырылып, кымбат таштарды чөгөрүп жасалган бул буюм аш-тойго, шаан-шөкөттүү жерлерге алып барганга даярдалган. Азыркыга салыштырганда клатчтын ордун баскан.
Бой жетип калган кыздар, келиндер упа колдонгон. Элдик билимде упанын жасалышы тууралуу турдүү пикир бар. Маселен, эл оозундагы маалыматтарда кадимки ак борпоң таштан (хлорит-серицитовый сланец) жасалары айтылат. Аны алгач майда эзип туруп, андан кийин койдун сүтүнө кайнатып сүзүп алып, көлөкөдө кургатып упа катары колдонушкан делет. Элибиздин турмушунда мал чарбачылыгы басымдуу болгондуктан, жаздоо, жайлоо, күздөө, анан кыштоого чыгып, көбүнесе салкын аймактарда жашоо кечирген. Бийик аймактагы адамдын суукка, ачуу тийген күндүн нуруна бети-колдору туурлуп кетпеши үчүн койдун сүтүнүн майлуулугун эске алып, ошол сүткө кайнатып колдонушкан.
Келин болгондо беттин оту азаят дешет. Ошондуктан эндик чөптүн тамырынан эндик жасашкан. "Эндик басып бетине", деп улуу баянда дагы айтылат. Манас изилдөөчү, филология илимдеринин доктору Жылдыз Орозобекованын айтымында, эндиктин кургатылган тамырын майдалап, талкан кылып алышкан. Аны улактын жумшак терисинен атайы тигилген баштыкчага салып, сыртынан жибек кездемеге ороп коюшкан. Упаланган бетке азыркы румянадай кылып басып же тийгизип колдонушкан.
Андан сырткары, жыпар мончокторду, абдан жагымдуу жыты бар чөптүн гүлү, уруктарын даярдап кургатып алып тагынып жүрүшкөн.
Жогоруда айткан эндиктин талканын каймакка аралаштырып, эрин боёк катары пайдаланышканы тууралуу маалыматтар бар. Бул бир эле убакта кооздук жана ошол эле убакта эрин, беттин кесилип кетпеши үчүн пайдалуу каражат болгон.
Тизгин жыяр
Сулуулук бул кашты, көздү чийип коюу эмес, сүйүүнүн ырахатын сезүү, бала жытына балкуу, үй-бүлө бактысынан баар табуу, табияттын, жер бетинин, ааламдын, андагы жандуу-жансыздын сулуулугун көрө билүү деп эсептейм.