Бири-бириңди сынап, кафеде орун талашпагыла. Кудалашуу маданияты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүПразднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых
Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куда болчу тараптардын алгачкы сүйлөшүүлөрү, жолугушуусу эки жактан тең өзгөчө кылдаттыкты талап кылат эмеспи. Дегеним тил табышып, бири-бирине жагып кетиш үчүн жогорку деңгээлдеги дипломатия керек.

"Калыңын келише албай коюшуптур", "ресторанда баланча орун бербей койду", "кудагыйдын тили узун экен" деген сыяктуу кептерди жок дегенде бир-эки жолу уксаңыз керек.

Мындай сөздөр кудалашчулар алгач кафеде жолуккандан кийин көп айтылат. Атургай мунун артынан баш кошчу кыз-жигит ажырашып кеткен мисалдар канча?

Албетте, кадыр-көңүл жарашпаса, миң жылдык куда болуп кетүү кыйын. Бирок бирге түтүн булаткысы келген жаштардын бактысы үчүн эки тарап кудалашуу учурунда айрым эрежелерди карманып койсо болот.

Алар тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Кыз мал эмес

Свадебные фотосессии в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Тамада, оператор, фотограф... Тойдо кызмат кылгандардын акысы
Кудалашуу учурундагы эң маанилүү маселелердин бири — кыздын калыңы. Кыз алып жаткан тарап салтка, жашаган аймактагы өзгөчөлүктөргө, анан албетте, өз чөнтөгүнө жараша келининин ата-энесин ыраазы кылууга аракет кылат. Бирок ата-эне кызды мал сатып жаткансып баланча же түкүнчө акча бергиле дегени өтө одоно көрүнөт. Анүстүнө соодалашкан төркүн кызынын кадырын келечектеги кайын-журтунун алдында бир аз түшүрүп коюшу ыктымал. Андыктан калың маселесине келгенде терең ойлонуп туруп чечим чыгарганы жакшы.

Орун талаш

Азыркы кудалардын арасында дал ушул үлпөт тойдо чакырылган коноктордун саны жагына келгенде пикир келишпестик көп болуп жүрөт. Албетте, той берген адам капчыгына жараша иш кылгысы келет, ал эми жаңы кудалардын катышы көп... Тааныш-билиштин баарын таарынтпаш үчүн акыркы жылдары кыз узатуу салты катуу жанданды. Бул күнү кыздын ата-энеси үлпөт тойдон кем эмес той берип, элден "кутулат". Андыктан кудалар менен "мага баланча орун бер" деп тирешип туруунун канчалык зарылдыгы бар экенин ойлонуп көрүңүз. Ошол эле учурда кыз алган тарап ар дайым кудалардан бир тепкич ылдый турарын сезип, зарыл болгон учурда компромисске бара билгени жакшы.

Күйөө баланын айлыгы жана байлыгы

Айыл тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алган буюмду артыңан чуркатпай кайтарып бер. Кошуна-колоң этикети
Албетте, ар бир ата-эне кызы жакшы, бардар үй-бүлөгө, колунан иш келген жигитке барсын деп тилек кылат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок алгачкы эле жолугушууда күйөө баланын капчыгын "аңтарган" туура эмес. Кайсы жерде иштерин сурап билүү жетиштүү. Канча табарын кызыңыздан деле сурап алсаңыз болот. Бул тууралуу кызыңыз анын ата-энесинен дагы жакшы билиши мүмкүн. Баса, "үйлөнгөндөн кийин жаштарды бөлөсүңөрбү, өзүнчө жашайбы?" деген сөз дагы орунсуз. Кудалардын ордуна өзүңүздү элестетип көрсөңүз, сиз деле жаңы келиндин колунан бир аз болсо дагы ысык чай ичип отургуңуз келет да.

Ашынган мактоо

Ар бир эле ата-энеге өз баласы алтын көрүнөт. Мактагысы, сыймыктангысы келет дегендей. Бирок мактоолор дагы орундуу болгону жакшы. Мисалы, "биздин бала укмуш эле укмуш" деп айга-күнгө теңей берсеңиз, кудалар "силердин кызды алып жатканыбызга сүйүнгүлө" деп жаткандай кабыл алышы мүмкүн.

Кырчангы туугандар үйдө калсын

Ресторан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдо 100 орун бербесеңер, кызды албайсыңар! Азыркы кудалардын трагедиясы
Кудалашкан жерге жөнү жок бой көтөргөн же бирөөнү чукуп сүйлөгөн кырчангы туугандардын барбай эле койгону дурус. Элестетип көрсөңүз, ошол жерде жеңеңиз эч кимди теңине албай мурдун чүйрүп же таякеңиз бирөөнүн чучугуна жеткире какшыктап отурганын. Андан көрө алыш-катышты билген, турмуштун өйдө-ылдыйын көргөн адамды ала барыңыз. Баса, жолугушууга барардан мурда улуулар менен акылдашып, жаңы кудалардын жашоо-шартынан, салтынан (жашаган аймагындагы) кабар алыңыз. Кудалар тарапта маанилүү окуя болсо, мисалы, наристе күтүп жатышса же бирөө сыркоолоп калса бул тууралуу дагы билип алганыңыз жакшы. Жолукканда алардан кабар алып койсоңуз, кудалар кудуңдап калат.

Сын

Алгачкы жолукканда эле бири-бирине сын көз менен караган кудалар ынтымактуу боло алышпайт.

Тагыраак сүйлөшүп алгыла

Акча жана шакек кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мен калың төлөөдөн баш тартам! Шаарда өскөн бойдок жигиттин "бунту"
Азыр кудалашуу көбүнесе кафе-ресторандарда өтүп калбадыбы. Жигит тарап жаңы кудаларды тамактанууга чакырат. Ал жерде таанышып, боло турган тойдун майда-чүйдөсүн талкуулашат. Майда-чүйдө деп айтылганы эле болбосо, бул нерсенин баары өтө маанилүү. Канча конок чакырылат, алардын канчасы кыз тараптан? Кийит, белек-бечкек тууралуу дал ошол жерден чечилет. Мында тараптар бири-бири менен кеңешип, бардык нерселерди кийин таарынычтар болбогудай так сүйлөшүп алганы жакшы.

Балдардын пикирин эске алгыла

Жаңы түзүлүп жаткан үй-бүлөнүн эң алгачкы майрамында жаштардын дагы өз каалоосу болот. Мисалы, тойдун программасына өзгөчөлүктөрдү киргизгиси же, тескерисинче, кайсы бир зарыл эмес деп эсептеген нерселерден каражатты үнөмдөгүсү келет дегендей. Эмнеси болсо дагы алардын үнүн угуп койгула. Кантсе дагы үлпөт той алардыкы го. Бул күн жубайлардын эсинде өмүр бою калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0