00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алган буюмду артыңан чуркатпай кайтарып бер. Кошуна-колоң этикети

Жазылуу
Коңшу-колоң менен жакшы мамилени сактоонун алтын эрежеси — ага тоскоолдук кылбоо. Кыргызда "алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деген жакшы сөз бар. Чын эле коңшуң менен күнүгө жүз көрүшүп, кирип-чыгып жүрүп, жакын адамдай болуп каласың.

Бирок кошуналар бири-бири менен тил табышып, ишенимге киргенге чейинки убакыт бир топ эмгекти, чыдамдуулукту талап кылат. Өзгөчө көп кабаттуу үйлөрдө жакын жашаган бүлө менен достошуу өтө татаал. Себеби белгилүү — алакандай жерде чогуу жашап жаткандан кийин ортодо талаш-тартыштар боло берет.

Ал эми каалгаңды ачып эле көз көрүшкөн адам менен жүз карашпай, эрегишип жашоо андан да татаал. Коңшулардын ортосундагы жылуу мамиле, ынтымакты сактоо үчүн эрежени кармана жүрүү керек. Алар тууралуу Sputnik Кыргызстандын окурмандарына этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Жаңы кошуна

Письмо - Sputnik Кыргызстан
Мээни айлантпай ток этерин жаз! Кат жазуу этикети
Жакында эле көчүп келген адамдын кошуналарга аралашып кетүүсү оор болушу мүмкүн. Жаңы эл, жаңы жер дегендей. Бирок тааныбайм деп отура бербей, эң жакын жашаган кишинин эшигин каккылап болсо дагы таанышып алганы жакшы. Ал эми андагылар жаңы коңшуну кепке тартып, өздөрүнүн ички эрежелери менен тааныштырып койсо, жаңы келгендерге тез көнүп кетүүгө жардам болот.

Коңшуну аңдыба

Кээ бирөөлөрдү башка кишинин жашоосу абдан кызыктырат. Сиз дагы ошол топтогу адамдарга кирсеңиз, кызыктуу башкы каарманы бар сериал көрүңүз же китеп окуңуз. Бирок коңшунун үйүнө ким кирди, ким чыкты, автоунаасы канча сомдук, жумуштан саат канчада кайтат деген сыяктуу маселелерге баш оорутпаңыз. Мунун сизге эч зарылдыгы жок. Андан көрө ошол энергияны өз жашооңузга жумшаңыз. Өзгөчө бир коңшу тууралуу экинчиси менен кеп кылып же ушактабаңыз. Акыры баары угулуп калып, коңшуларды иренжитип албаңыз.

Тынчтык

Коңшу менен жакшы мамилени сактоонун алтын эрежеси — ага тоскоолдук кылбоо. Тагыраагы, ызы-чуусуз жашоо. Батирлер ушунча жакын жайгашкандан кийин үйдөгү ар бир кыйкырык, катуураак чыккан музыка, балканын тыңкылдаган үнү кошунага даана угуларын жакшы билесиз. Ремонт кылып же конок күткөнү жатсаңыз, алдын ала коңшуларга "иш-чара" канча убакытка созуларын айтып койгонуңуз дурус. Түн тууралуу айтпасак деле түшүнүктүү. Эл эс алат, анын үстүнө мыйзамда саат 23.00дөн 7.00гө чейин тынчтыкты сактоо боюнча жазылган. Ал эми күндүз түнкүсүн иштеп чарчагандар, күндүз уктоочу кары-картаңдар, бала же оорулуулар болушу ыктымал. Эртеси ишиңиз улана турган болсо дагы коңшулар менен макулдашып алыңыз.

Милдеттерди так аткаруу

Ресторанда тамактанып жаткан кыз-жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кымбат тамак алып жигиттин айласын кетирбе! Алгачкы жолугушуунун этикети
Көп кабаттуу үйдө ар бир үй-бүлөгө тиешелүү милдеттер бар. Мисалы, тепкичтин өзүңө тиешелүү жерин таза кармоо, автоунааны сага бөлүнгөн жерге гана токтотуу (башканыкын ээлеп албай), чарбалык иштерге чогултуучу төлөмдөрдү убагында берүү, ишембиликке катышуу сыяктуу. Өз ишин убагында жана так аткарган адам гана коңшулар менен гармонияда жашайт.

Алганыңды кайра бер

Айрым коңшулар ажат ачып, карайлап таппай турган нерсеңди колуңа кармата койгон учурлар көп. Идиш-аяк, үтүк, жада калса телефондун заряддоочу зымын деле сурай беребиз. Бирок алган буюмду кайтарып берүүнү унутпашыбыз керек. Өзүңүз деле байкап көрсөңүз, эки жолу берген буюмунун артынан келип сурап кеткен кошуна үчүнчү ирет сизге эч нерсесин бербейт.

Көйгөйдү документ чечет

Пляжный сезон на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Сууга кийимчен түшпөңүз. Көл жээгинде эс алуу этикети
Кээде коңшулар арасынан деле бир кежир чыгат. Ага сиздин унаа токтотконуңуз, келген конокторуңуз, балаңыздын ары-бери чуркаганы такыр жакпайт. Кыскасы, кылдан кыйкым издемей дегендей. Кээде чындап эле бир маселе боюнча айлап, жылдап тирешмейлер болот. Мындайда коңшу менен кайым айтышып, нерв коротуп кереги жок. Чарба маселелерин чечип берчү атайын токтом, документтер бар. Маселени мыйзам жолунда чечип алсаңыз, баш оору аз болот. Кийин ал бир нерсе десе, мыйзамда ушундай экен деп кутуласыз.

Чай

Жаралган көйгөйдү мыйзам жолунда чечкен, албетте, жакшы. Бирок бир жерде жашап, бир арыктан суу ичкен адам менен "домкомго", сотко чейин жетпей эле маселени бир чыны чай үстүндө чечип алууга аракет кылыңыз. Негизи эле убакыт болсо, коңшулар менен дасторкон четинде чогулуп туруу жакшы. Чайлашуу — бул ынтымакка карай эң оңой жол.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0