Жекшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
3-мартта Бишкек шаарында жаан жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 3-март, жекшембиде, республика боюнча ала булут каптап турат. Көпчүлүк аймактарга жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Баткен облустарында +3... +8 градус, Таласта +4... +6, Жалал-Абад жергесинде +6... +8 градус жылуу болсо, Нарын аймагында -3 ... -8 градус суук болору айтылды.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында жамгыр жаап, күндүн табы +6... +8 градуска чейин көтөрүлсө, борбор калаада 0 .... +5 градуска чейин жылуу болуп, жаан жаашы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0