00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
43 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
2 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ачык кеп
Күз-кыш мезгилине карата көмүрдү казуунун көрсөткүчү жана баалары
23:03
52 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Корчубек Акназаровдун сөөгү качан жерге берилери белгилүү болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков навестил ветерана войны Корчубека Акназарова
Президент КР Сооронбай Жээнбеков навестил ветерана войны Корчубека Акназарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалисттик эмгектин баатыры 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров 97 жаш курагында дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу өлкө жетекчилери анын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Акназаров 1-февралда каза болду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 3-февралда саат 11.00дө өткөрүлөт.

Ал 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

Корчубек Акназаров 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларусь фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон.

Ал I даражадагы "Ата Мекендик согуш" ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. 1946-жылы ал майдандан туулган жерине кайтып келип, алыскы Чаткал районундагы жети жылдык мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болгон.

Акназаров 1947-жылдан тартып партиялык кызматтарда иштей баштаган. Адегенде Кыргызстан Компартиясынын Чаткал райондук комитетинин парткабинетинин башчысы, пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ал Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондорунун партиялык комитеттеринин 1-катчысы болуп эмгектенген. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.

Акназаров бир катар сыйлыктарга татыган. Алсак, 1966-жылы "Социалисттик эмгектин баатыры" жогорку наамына татыктуу болгон. Эки "Ленин", "Октябрь революциясы", эки "Эмгек Кызыл Туу" жана "Ардак белгиси" ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө жетишкенде да парламентке депутат болгон.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0