Австралиядагы зоот бука социалдык тармакта жылдызга айланды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүГоловной центр по воспроизводству сельскохозяйственных животных
Головной центр по воспроизводству сельскохозяйственных животных - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бука торпок кезинде эле башкалардан көлөмү менен айырмаланып турчу.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Австралиядагы фермалардын биринде абдан чоң, көлөмдүү бука бар. Ал ЖМКлардын гана эмес, социалдык тармактын колдонуучуларынын да кызыгуусун жаратты. 

​ABC жаңылыктар порталы жазгандай, буканын бою эки метр, салмагы 1,5 тоннага жетет. 

Быйыл зоот бука 7 жашка толду. Жаныбардын ээси Жефф Пирсондун айтымында, ал торпок кезинде эле башкалардан көлөмү менен айырмаланып турчу. Анын мынчалык чоңоюп кетерин эч ким күткөн эмес. 

​Ферманын ээси өткөн жылы буканы аукционго койгон, бирок бир дагы эт комбинаттан сунуш түшкөн эмес. 

Зоот буканын сүрөтү социалдык тармакка укмуштуудай тездик менен жайылып, мемдери дагы чыга баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0