БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Нью-Йорк полициясы хот-дог сатуу үчүн тигилген чатырды талоонго алган аарылардан улам шейшемби күнү Манхеттендин борбордук көчөлөрүнүн бирин жабууга аргасыз болду. Бул тууралуу шаардын полициясынын жетекчиси Жеймс Онил Twitter баракчасына жазды.
I guess #bees enjoy a good #NewYork hot dog as much as I do! So much that they shut down part of Times Square today. Via @ABC pic.twitter.com/3vvFnpcQUN
— Dr. Jonathan Kolby (@MyFrogCroaked) 28 августа 2018 г.
Полициянын жетекчиси алар аарынын уюгун акырындык менен алып, чатыр эч кимге зыян келтирбегендей кылып тазаланып жатканын билдирген.
Интернет колдонуучулар аарылардын "кол салуусун" видеого тартып, социалдык тармакка чыгарышты.
the bees are here and nyc is in love #bees #beetimessquare pic.twitter.com/ed2nlTe2Ty
— Aïda (@aeyeduh) 28 августа 2018 г.
Адистердин айтымында, аарылар ысыктан улам эски уюгун таштап чыгып кетишкен. Полиция аларды жаңы жерге жайгаштырарын айтты.