2009-жылдан бери эмендердин 90 пайызы миналачу таарыгычтар менен жабыркаган. Миналачу эмен таарыгычтары (Profenusa pygmaea klug) тентрединид түркүмүнө кирет. Ал Россиянын европа бөлүгүн, Закавказьеде, Украина жана Батыш Европаны байырлайт.
Анын личинкалары топ-тобу менен эмендин жалбырактарында жашайт. Ошондон улам дагы "миналачу" деп аталып калган.
"Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасынын адистери дарактарды инъекциялык жол менен дарылоону пландаган. Бул боюнча агрономдор 2017-жылы парламентте айтышкан болчу. Анткен менен 2018-жылдын башында препарат сатып алынбай калганы белгилүү болгон. Учурда экологдор менен агрономдор мите менен күрөшүүнүн стратегиясын аныктай элек, эми гана планы иштелип жатат.

Борбор калаада июнь айынын орто ченинде эмендердин дээрлик бардыгынын жалбырактары саргайып кетти

2009-жылдан бүгүнкү күнгө чейин эмендердин 90 пайызы миналачу таарыгычтар менен жабыркаган

Миналачу эмен таарыгычтары (Profenusa pygmaea klug) тентрединид түркүмүнө кирет

Мите — Россиянын европа бөлүгүн, Закавказьеде, Украина жана Батыш Европаны байырлайт

Мындай мите эмендерде жашайт

Анын личинкалары топ-тобу менен эмендин жалбырактарында болот

Экологдордун айтымында, паразит дарактарга эстетикалык жактан гана зыянын тийгизип чектелбейт

Жалбырактар эрте саргайа баштаганда кычкылтек аз иштелип чыга баштайт

"Бишкекзеленхоз" муниципалдык ишканасынын адистери дарактарды инъекциялык жол менен дарылоону пландаган. Бул боюнча агрономдор 2017-жылы парламентте айтышкан болчу

Анткен менен 2018-жылдын башында препарат сатып алынбай калганы белгилүү

Учурда экологдор менен агрономдор мите менен күрөшүүнүн стратегиясын аныктай элек, эми гана планы иштелип жатат
