БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Сочиде өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жыйын 14-майда өтөт. Жолугушууда биримдиктин алкагындагы соода-экономикалык маселелер, эл аралык кызматташуу жана ЕАЭБдин алкагында мындан ары иштешүүнүн келечеги талкууга алынат.
Андан сырткары, Евразия экономикалык комиссиясы "Кыргыз республикасы: Евразиялык экономика биримдигиндеги эки жыл. Биринчи жыйынтыктар" деген доклад менен тааныштырат.
Жээнбеков ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушары айтылууда. Анда эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташуунун бардык тармактары