БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Россиянын Новосибирск облусундагы "Карасук" фитосанитардык көзөмөл бекети Кыргызстандан барган 10,2 тонна грек жаңгагы менен 165 килограмм жер жаңгагын өткөрбөй койду. Бул тууралуу Россиянын айыл чарба азыктарын көзөмөлдөгөн "Россельхознадзор" билдирди.
Ташылып бараткан товарлар Красноярск менен Чита шаарларынын базарларында сатылмак. Жаңгактарды текшере келгенде анын коопсуз экенин тастыктаган фитосанитардык тийиштүү сертификаты болгон эмес. Мындан улам товар кайра Кыргызстанга жөнөтүлгөн.