00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Утро хорошего дня
"Клиент всегда прав" — почему это не всегда так?
06:13
44 мин
Күн башат
Өлкөдөгү диний кырдаал изилденди. Жыйынтыгы кандай?
07:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Утро хорошего дня
Почему важно планировать беременность заранее? Ключевые этапы подготовки к рождению ребенка
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Коопсуз шаар” качан “Коопсуз өлкөгө” айланат? – долбоор жол кырсыктарынын азайтууга кандай салым кошту?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Столетие прокуратуры КР: какие функции ГП важны при осуществлении реформ в государстве?
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик банкинг аркылуу акча которууда комиссиядан бошотуу чет элдик валюталарга жайылтылбайт
13:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө аялдар акысыз медициналык кароодон өттү — алардан кандай оорулар аныкталды?
13:31
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу үчүн эмне иштер аткарылып жатат? - Ага ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногунун таасири кандай?
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
On air
16:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Сайтка саресеп
On air
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ВИЧ в Кыргызстане: как лечится и выявляется болезнь сегодня
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стимул
Мезгил менен такшалган талант – тарыхта таштан из калтырган айкелчи
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу үчүн эмне иштер аткарылып жатат? - Ага ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногунун таасири кандай?
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Милиция май куюучу жайдагы айдоочулардын ызы-чуусуна түшүндүрмө берди

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы шаарынын тартип сакчылары талап-тоноого шектелген адамдарды кууп келе жаткан

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Балыкчыда май куюучу жайда буктурмага алынган унаа боюнча окуянын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Сталбек Усубакунов айтып берди.

Эскерте кетсек, буга чейин Балыкчы шаарындагы май куюучу жайлардын биринде Toyota Windom унаасын башка эки унаа буктурмага алып, бирок ортодо калган машина алды-артындагы автолорду сүзүп качып кеткен видео жарыяланган.

Билдирмеге караганда, анда талап-тоноого шектелген адамды кармоо иши жүрүп жаткан.

Түрмө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыдагы жатак колониясынан эки киши качып чыкты
"Милицияга 31-март күнү Тоң районунун 34 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, ал Бишкек шаарынан DAF унаасы менен цемент жүктөп келе жатып, эс алуу үчүн "Ак-Кеме" постунун жанына токтогон. Ал жерге Audi унаасында эки бейтааныш адам келип, "бизди мурда сөгүп кеткенсиң" деп доомат коюшкан. Андан соң өздөрүнүн унаасына салып кетип, ур-тепкиге алышкан", — деди Усубакунов.

Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кошумчалашкандай, кийин аларга дагы эки киши кошулуп, жабырлануучудан 60 миң сом талап кылышкан. Качан гана айдоочу акчасы жок экени айтканда, жүктөп келе жаткан 18 тонна цементти сатып акчасын бересиң деп айтышкан. Мындан тышкары, ал тоноочуларга ай сайын 10 миң сомдон берип турарын эскертишкен.

"1-апрель күнү милиция эки шектелүүчүнү колго түшүргөн. Алар Бишкек жана Балыкчы шаарынын тургундары болуп чыкты. Дагы экөөнү кармоо үчүн 4-апрель күнү Балыкчы шаарындагы май куюучу жайлардын биринде атайын операция жүргүзүлүп, бирок шектелүүчүлөр качып кетишкен", — деди Усубакунов.

Алар айдап жүргөн Toyota Windom унаасы 5-апрель күнү Кочкор районунда табылган. Учурда милиция Бишкек шаарынын 38 жана 26 жаштагы эки тургунун издеп жатат.

Маалыматка караганда, кармалган эки жаран кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0