Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Таң атпай айдоочулар чаң салганда

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуЗабастовка водителей маршруток в Бишкеке
Забастовка водителей маршруток в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-апрелден тарта жол эрежеси боюнча мыйзамга кошулган толуктоолор күчүнө кирди. Башкача айтканда, жүргүнчү жана жүк ташыган автоунаалардын айдоочулары милдеттүү түрдүү камсыздандыруу полисин алышы керек.

Бүгүн эртең менен жумушка барам деген элдин дээрлик көпчүлүгү ишке кечигип келди. Анын бир гана себеби бар. Маршруттук таксилердин айдоочулары камсыздандыруу полисин албайбыз деп сес көрсөтүп иш таштады. Мындайды күтпөгөн эл дүрбөлөңгө түшүп эле айласын таппай калды. Шаардагылар го макул дейли, эптеп ишке жетти. Жаңы конуштардагылар куурады. 

Бишкекте эң мыкты сумочулар аныкталды. Кыргызстан үчүн бир аз өөн учуруган спорттун бул түрү өлкөдө өнүгүп жатканы сүйүндүрөт. Сумо десе эле салмагы бери болгондо 150 килограммдан ашкан балбандарды элестетебиз. Бирок 70, 80 килограммдык деле спортчулар болот. Кантип дейсизби? Баары жөнөкөй. Бишкекте өткөн сумо мелдеши аны тастыктайт. Бука моюн буура сан, балбандардын кармашы кайдыгер калтырбайт

КСДПнын съездинде экс-ажо Атамбаевдин жанында турган кыз ким экени коомчулуктун бүйүрүн кызытты. Кийин ал Гүлназ Өмүрбек кызы экени белгилүү болду. Биздин кабарчылар Өмүрбек кызынын өзү менен байланышып, ал тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады

Ал ортодо кыжырды кайнаткан окуяларды тизмектеп, бул жолу аяш келиндер тууралуу жаздык. Аларды биз мактанчаак, көрө албс, керсейген жана башкалар деп бөлүп сыпаттадык. Ошолор менен сиз макулсузбу?

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.23 (сатып алуу) жана 68.47 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 44.50 сом, Аи-92 үлгүсүндөгү май 41.80 сом, ал эми дизель майы 42.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордунда. Бара турчу жериңизге тоскоолдуксуз аман-эсен жана ылдам жетип алыңыз деп Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0