Ырылдаган илбирс, кыя караган каман, ормойгон таз жору. Таңданткан сүрөттөр
Ырылдаган илбирс, кыя караган каман, ормойгон таз жору. Таңданткан сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагында коргоого алынган жаныбарлардын сүрөттөрүн сунуштайт. 03.03.2018, Sputnik Кыргызстан
Бүгүн бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагында коргоого алынган жаныбарлардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Бириккен Улуттар Уюму 2013-жылы жер бетиндеги жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү сактап калуу максаттында 3-мартты жапайы жаратылыш күнү деп жарыялаган. Анын аркасында жыл сайын жоголуп кетүү коркунучунда турган жандыктардын көйгөйү айтылып, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракеттери көрүлүп келет.
Ал эми Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбар менен өсүмдүктөрдүн 209 түрү коргоого алынып, айбанаттарга аңчылык кылууга катуу тыюу салынган.