БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жума күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
"Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 10…11 градуска чейин жылуу болот", — деп жазылат маалыматта.
Күндүн табы Чүй менен Талас өрөөнүндө 6…11 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 8…13, Ысык-Көл облусунда 2…7 градус жылуу болот. Нарын аймагында болсо сууктун күчү сакталып, абанын температурасы —2…-7 градуска чейин жетет.