Сазайыңды октагондон берем! WEF турниринде сес көрсөткөн мушкерлердин сүрөтү

© Sputnik / Табылды КадырбековWEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) жана Али Мухаммед (АКШ)
WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) жана Али Мухаммед (АКШ) - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнир алкагында 18 беттеш өтөт, анын үчөөндө мушкерлер WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салышат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. 22-ноябрда борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында эл аралык Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын "WEF Global 10: Улуу жибек жолунун баатырлары" аттуу юбилейлик турнири болот.

Беттеш 18:00дө башталат.

Турнир алкагында 18 беттеш өтөт, анын үчөөндө мушкерлер WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековWEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) жана Али Мухаммед (АКШ)
Взвешивание бойцов-участников турнира WEF Global 10: Воины великого шелкового пути - Sputnik Кыргызстан
WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) жана Али Мухаммед (АКШ)

Бүгүн 21-ноябрда WEF турниринин мушкерлери маалымат жыйын өткөрүп, көз караштар таймашын өткөрүп, ага Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы катышып келди.

ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-турган турган балбандары ким? - Sputnik Кыргызстан
ТОП-15. Килем үстүнөн жолугабыз! Учурдун болуп-толуп турган балбандары ким?
Иш-чара маалында мушкерлердин түртүшүп кеткен да учурлары болду. Беттеше турчу спортчулар маалымат жыйында күйөрмандардын суроосуна ачык жооп берип, сүрөткө түшкөнгө да жетишти. Көпчүлүктүн бүйүрүн чемпиондук кур үчүн чыга турчу Өзбекстандын мушкери Мурод Хантураевдин кыска жана тамашалуу жооптору кызытты.

WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев маалымат жыйында юбилейлик турнирде күчтүү мушкерлер кыл чайнаша тургандыгын айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековWEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер: Мурод Хантураев (Өзбекстан) жана Константин Андрейцев (Россия)
Дуэль взглядов бойцов-участников турнира WEF Global 10: Воины великого шелкового пути в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер: Мурод Хантураев (Өзбекстан) жана Константин Андрейцев (Россия)

"Беттеште Украина, Россия, Америка, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын мушкерлери ат салышат. Алты мушкер чемпиондук кур үчүн беттешсе, калган 15 жуп рейтинг үчүн күч сынашат. Мында ар кайсы өлкөнүн күчтүү спортчурларынын башы бирикти. Кеченин башкы калысы Өзбекстандагы "Ахмат" клубунун өкүлү Надыр Кадыров болот", — деди Кыдырмышев.

Ошондой эле федерациянын президенти турнирди Россиянын "Матч! Планета" жана жергиликтүү телеканалдар аркылуу түз алып берүү пландалганын кошумчалап, түшкөн каражат кайрымдуулукка жумшала тургандыгын айтты.

© Sputnik / Табылды КадырбековРейтинг үчүн беттеше турган мушкерлер Нурсултан Розибоев (Өзбекстан) жана Эрболот Өмүрзаков (Кыргызстан)
Рейтинг үчүн беттеше турган мушкерлер Нурсултан Розибоев (Өзбекстан) жана Эрболот Өмүрзаков (Кыргызстан) - Sputnik Кыргызстан
1/5
Рейтинг үчүн беттеше турган мушкерлер Нурсултан Розибоев (Өзбекстан) жана Эрболот Өмүрзаков (Кыргызстан)
© Sputnik / Табылды КадырбековРейтинг үчүн беттеше турчу мушкерлер Азамат Баходурзода (Өзбекстан)
жана Нурлан Токтобакиев (Кыргызстан)
Рейтинг үчүн беттеше турчу мушкерлер Азамат Баходурзода (Өзбекстан) жана Нурлан Токтобакиев (Кыргызстан) - Sputnik Кыргызстан
2/5
Рейтинг үчүн беттеше турчу мушкерлер Азамат Баходурзода (Өзбекстан)
жана Нурлан Токтобакиев (Кыргызстан)
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"WEF Global 10: Улуу жибек жолунун баатырлары" турниринде багын сынай турчу Абдылда уулу Бекболот
WEF Global 10: Улуу жибек жолунун баатырлары турниринде багын сынай турчу Абдылда уулу Бекболот - Sputnik Кыргызстан
3/5
"WEF Global 10: Улуу жибек жолунун баатырлары" турниринде багын сынай турчу Абдылда уулу Бекболот
© Sputnik / Табылды КадырбековБеттеште Украина, Россия, Америка, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын мушкерлери ат салышат
Беттеште Украина, Россия, Америка, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын мушкерлери ат салышат - Sputnik Кыргызстан
4/5
Беттеште Украина, Россия, Америка, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын мушкерлери ат салышат
© Sputnik / Табылды КадырбековӨзбекстандагы "Ахмат" клубунун өкүлү Надыр Кадыров, WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмил Токтогонов
Өзбекстандагы Ахмат клубунун өкүлү Надыр Кадыров, WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмил Токтогонов - Sputnik Кыргызстан
5/5
Өзбекстандагы "Ахмат" клубунун өкүлү Надыр Кадыров, WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмил Токтогонов
1/5
Рейтинг үчүн беттеше турган мушкерлер Нурсултан Розибоев (Өзбекстан) жана Эрболот Өмүрзаков (Кыргызстан)
2/5
Рейтинг үчүн беттеше турчу мушкерлер Азамат Баходурзода (Өзбекстан)
жана Нурлан Токтобакиев (Кыргызстан)
3/5
"WEF Global 10: Улуу жибек жолунун баатырлары" турниринде багын сынай турчу Абдылда уулу Бекболот
4/5
Беттеште Украина, Россия, Америка, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандын мушкерлери ат салышат
5/5
Өзбекстандагы "Ахмат" клубунун өкүлү Надыр Кадыров, WEF федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев жана вице-президенти Эмил Токтогонов

Рейтинг үчүн беттеше турчу мушкерлер:

57 килограммга чейин

Мырзамидин Пазылов (Кыргызстан) — Рустам Сайдулаев (Казакстан)

66 килограммга чейин

Амирбек уулу Куштарбек (Кыргызстан) — Бехруз Фархотзода (Тажикстан)

Абдулгаджи Газиев (Кыргызстан) — Абугофор Бобоев (Өзбекстан)

Алтынбек Мамашев (Кыргызстан) — Исломбек Комолдинов (Өзбекстан)

71 килограммга чейин

Саидхамзад Ханукаев (Россия) — Умиджан Сагоулаев (Өзбекстан)

Айбек Шумкарбеков (Кыргызстан) — Муса Юсупов (Кыргызстан)

Ринат Саякбаев (Кыргызстан) — Мамирабжан Розибаев (Өзбекстан)

Абдылда уулу Бекболот (Кыргызстан) — Фарух Шарипов (Тажикстан)

Бактыбек уулу Өктөм (Кыргызстан) — Магомедтагир Магомедов (Россия)

77 килограммга чейин

Нурбек Жаныбаев (Кыргызстан) — Шамил Цакуев (Россия)

Рахманберди уулу Төлөгөн (Кыргызстан) — Аслан Алгериев (Россия)

Рамазан Никарамазанов (Кыргызстан) — Миртолиб Ходжаев (Өзбекстан)

84 килограммга чейин

Екпер Гаджиэкперов (Россия) — Паата Робакидзе (Украина)

Нурсултан Розибоев (Өзбекстан) — Эрболот Өмүрзаков (Кыргызстан)

93 килограммга чейин

Нурлан Токтобакиев (Кыргызстан) — Азамат Баходурзода (Өзбекстан)

WEF уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салыша турчу мушкерлер:

Жумабек уулу Актилек (Кыргызстан) — Магомедрасул Магомаев (Россия). 77 килограмм салмак ченинде;

Мурод Хантураев (Өзбекстан) — Константин Андрейцев (Россия). 93 килограммдан өйдө;

Кылычбек Саркарбаев (Кыргызстан) — Али Мухаммед (АКШ). 93 килограммдан өйдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0