Мушкерлердин багын ачкан WEF федерациясынын тарых-таржымалы

© Sputnik / Табылды КадырбековТурнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7
Турнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-ноябрда Борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында "WEF Global-10: Улуу жибек жолунун аскерлери" аталышындагы эл аралык ири турнир өтөт.

Акыркы жылдары WEF ("World Ertaymash Federation) уюму ММА боюнча беделдүү беттештерди өткөрүп, Кыргызстандын гана эмес, Орто Азиянын да бир топ мушкерлерин чемпион кылды.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги мушкерлердин багын ачкан WEF федерациясынын тарых-таржымалын тартуулайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековWEF уюмунун максаты — спортчулардын профессионалдык баскычка көтөрүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берип, дүйнөдөгү беделдүү деп эсептелген UFC, Bellator жана башка белгилүү уюмдардын мелдештерине катыштыруу
Во Дворце спорта имени Кожомкула прошел международный чемпионат по кулатуу WEF2 - Sputnik Кыргызстан
WEF уюмунун максаты — спортчулардын профессионалдык баскычка көтөрүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берип, дүйнөдөгү беделдүү деп эсептелген UFC, Bellator жана башка белгилүү уюмдардын мелдештерине катыштыруу

1. WEF деген эмне? WEF бул — "World Ertaymash Federation" сөзүнүн кыскартылып айтылышы. Кыргызча Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясы деп аталат. Негиздөөчүлөрдүн айтымында, мушкерлердин рейтингин түзгөн Sherdog аттуу порталга киргизиш үчүн федерацияны англисче аташкан. Коомчулукта дал WEF аталышы менен белгилүү.

2. Дүйнөлүк статус алган федерация. Кулатуу спорттун түрү катары 1985-жылы пайда болуп, 1991-жылы КРдин Кулатуу эр таймаш федерациясы түзүлүп, 2002-жылы улуттук спорттук түр катары катталган. Ал эми 2014-жылы кулатууну дүйнөгө жайылтуу максатында дүйнөлүк деген статуска ээ болушкан. Шарт боюнча кеминде дүйнөнүн 12 мамлекетинде уюмдун өкүлчүлүгү түзүлүп, жылына аз дегенде үч эл аралык турнир өткөрүп турушат. Мындан тышкары, бир нече беделдүү спорттук уюмдар менен иш алып барышат.

© Sputnik / Данияр СандыбаевРуслан Кыдырмышев 35 жаштагы ишкер, WEF (World Ertaymash Federation) федерациясынын президенти
Президент WEF (World ertaymash Federation) Руслан Кыдырмышев - Sputnik Кыргызстан
Руслан Кыдырмышев 35 жаштагы ишкер, WEF (World Ertaymash Federation) федерациясынын президенти

3. Кимдер жетектейт? WEF федерациясынын президенти 35 жаштагы Руслан Кыдырмышев. Кыдырмышев таэквандо боюнча кара курдун ээси, кикбокс сүйүүчү, белгилүү ишкер, меценат, "Бакубат келечек" кайрымдуулук фондусунун жетекчиси.  

WEF вице-президенти — Эмил Токтогонов жана Рафик Мамбеталиев;

WEF Талас облусундагы президенти — Дастан Жумабеков;

WEF Жалал-Абад облусундагы президенти — Талант Мамытов;

WEF Нарын облусундагы президенти — Жыргал Турускулов;

WEF Чүй-Бишкек боюнча президенти — Алияр Абдыжалиев;

WEF Ысык-Көл облусу боюнча президенти — Акыл Кемелов;

WEF Өзбекстандагы президенти — Надыр Кадыров;

WEF Тажикстандагы президенти — Раджаб Баёнов;

Башкы катчы — Осмон уулу Даниэль.

4. WEF максаты — спортчулардын профессионалдык баскычка көтөрүлүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берип, дүйнөдөгү беделдүү деп эсептелген UFC, Bellator жана башка белгилүү уюмдарынын мелдештерине катыштыруу. WEF алкагында катышкан мушкерлер ар кайсы спорттук клубдардын атынан чыгышат. Федерациянын мушкерлерди даярдаган атайын клубу жок. Президенти Кыдырмышев "калыстык үчүн спорттук клуб ачпайбыз" деп айтканы бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековWEF турниринин беттешинде үч мүнөт, эгерде чемпиондук кур болсо беш мүнөт сайын тыныгуу берилет. Тыныгуу бир мүнөткө созулат
Турнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
WEF турниринин беттешинде үч мүнөт, эгерде чемпиондук кур болсо беш мүнөт сайын тыныгуу берилет. Тыныгуу бир мүнөткө созулат

5. Спортчулар турнирге кантип катыша алат? WEF үч жыл ичинде 40ка чукул беттеш өткөрө алды. Турнирлер спортчулардын деңгээлине жараша төрт серияда өтөт.

WEF "Amateur" — каалаган мушкер катыша алат, башкача айтканда, эрежесиз урушка кадам таштайт;

WEF "Selection" — спортчулар деңгээлине жараша тандалып, жеңип чыккандар WEFтин кийинки "Proffight" баскычында ат салыша алат;

WEF "Proffight" — деңгээли орто мушкерлер күч сынашат;

WEF "Global" — эң мыкты спортчулар чемпиондук кур үчүн кыл чайнашат.

6. Шерлерди аныктаган Sherdog порталы. WEF өткөргөн турнирлердин жыйынтыгы дүйнөлүк Sherdog порталына катталып турат. Учурда порталдын рейтингинде алдыңкы кыргыз мушкерлеринин рейтинги 10-0 болсо, ортончу мушкердин рейтинги 6-5 болуп турат.

7. Ким каржылайт, кантип пайда табышат? Негиздөөчүлөрдүн айтымында, мелдешке жумшалган акча көбүнесе өз чөнтөктөрүнөн болот. Жалпы короткон каражаттын 20-30 пайызы билет саткандан түшөт. Жетекчилер азырынча турнирдин пайдасынан чыгымы көп экендигин айтышат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековWEF өткөргөн турнирлердин жыйынтыгы дүйнөлүк Sherdog порталына жарыяланып турат
Турнир по кулатуу-эртаймашу по правилам смешанных единоборств WEF Selecion 7 - Sputnik Кыргызстан
WEF өткөргөн турнирлердин жыйынтыгы дүйнөлүк Sherdog порталына жарыяланып турат

8. Эрежелер. Кулатуу — кыргыздын улуттук спорту. Мында гректердин панкратион жана бразилиялыктардын валетудо спортунун ыкмалары бар. Уюштурчуулар кулатууга эр таймаш деген сөздү кошуп, беттештерди аралаш мушташтын (ММА) эрежеси менен өткөрүшөт. 2017-жылдын апрелинен тарта чыканак менен урууга уруксат берилген.

9. Раунддар. WEF турниринин беттешине үч мүнөт, эгерде чемпиондук кур болсо беш мүнөт сайын тыныгуу берилет. Тыныгуу бир мүнөткө созулат. 

© Фото / федерация WEFМушкерлер WEF турниринин алкагында 8 түрдөгү салмак категориясы боюнча күч сынашат
Бойцы ММА Мурод Хантураев и Игорь Задерновский на взвешивании - Sputnik Кыргызстан
Мушкерлер WEF турниринин алкагында 8 түрдөгү салмак категориясы боюнча күч сынашат

10. Салмактык категориялар

Эң жеңил салмак (57 килограммга чейин)

Жеңилирээк салмак (61,3 килограммга чейин)

Жарым жеңил салмак (65,8 килограммга чейин)

Жеңил салмак (70,3 килограммга чейин)

Орто жарым салмак (77 килограммга чейин)

Орто салмак (84 килограммга чейин)

Орто оор салмак (93 килограммга чейин)

Оор салмак (93 килограммдан өйдө)

Жаңылыктар түрмөгү
0