Хантураев беш жашынан баштап спортко аралашкан. Спорттун дзюдо, бокс, кикбокс, кол таймашы, универсалдык уруш, ушу-саньда түрлөрү менен машыгып, бокстан башкасынын баарынан эл аралык класстагы спорт чебери аталган.
Жетишкендиктери:
ММА боюнча Азиянын эки жолку чемпиону;
Профессионалдар арасында ММАдин R1 версиясы боюнча Азия чемпиону;
Кол таймашы боюнча дүйнө чемпиону;
Универсалдык урушуу боюнча дүйнө биринчилигинде жана Европанын чемпионатында коло медаль;
2013-жылы — Уруш түрүндөгү самбо боюнча Сочиде өткөн "Платформа S-70" эл аралык турниринин жеңүүчүсү;
2014-жылы — Бокстун K-1 версиясы боюнча Өзбекстандын чемпиону;
2014-жылы — R1 Uzbekistan — Uzbekistan vs World эл аралык турниринин жеңүүчүсү;
2014-жылы — Казакстанда өткөн Alash Pride-2 турниринин жеңүүчүсү
2015-жылы — R1 Uzbekistan — Clash of the Titans эл аралык турниринин жеңүүчүсү;
2015-жылы — R1 Uzbekistan — Grand Prix Heavyweights эл аралык турниринин жеңүүчүсү;
2016-жылы — WEF-4 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;
2016-жылы — Alash Pride —Flyweight Grand Prix Finale эл аралык турниринин жеңүүчүсү
2017-жылы — WEF ProfFight-7 эл аралык турниририн жеңүүчүсү;
2017-жылы — WEF ProfFight-10 эл аралык турниририн жеңүүчүсү;
2017-жылы — WEF Global-9 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;
2017-жылы — WEF WEF ProfFight-16 эл аралык турниринин жеңүүчүсү;
Спорттогу каймана аты — "Азия аюусу" (Азиатский медведь)
Бою — 180 сантиметр
Салмагы — 104 килограмм
Спортчулардын рейтингин аныктаган дүйнөлүк Sherdog порталындагы көрсөткүчү 9-2-1..
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.