БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Россиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC чемпиону Конор Макгрегорду беттешке чакырды. Бул тууралуу Хабиб Instagram баракчасына жазды.
Эске сала кетсек, Конор Макгрегор атактуу боксчу Флойд Мэйвезер менен беттешип, 10-раундда техникалык нокаут менен жеңилип калды.
"30-декабрь. UFC-219. Лас-Вегас. Дана Уайт (UFC жетекчиси) келгиле беттешти өткөрөбүз. Эмне үчүн болбосун? Менин оюмча декабрь эң ыңгайлуу убакыт. Конор Флойд менен беттешкен соң мени менен кармашам деп буга чейин айтпады беле", — деп жазган Нурмагомедов.
Белгилей кетсек, март айында Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттеши Хабибдин ден соолугу начарлап кеткендиктен болбой калган.